Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жумуштун көптүгүнөн Камчыбек Ташиев УКМКда түнөп калып атыптыр

Жумуштун көптүгүнөн Камчыбек Ташиев УКМКда түнөп калып атыптыр

28-сентябрь, 12:06
582 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

27-сентябрь Камчыбек Ташиевдин туулган күнү экен. 55 жаш кут болсун! Ушуга улай ишине байланыштуу эки ооз жылуу сөз жазууну эп көрдүк.

Соңку убактагы Бишкек шаардык сотунун эки судьясы пара менен кармалып, коомчулукта чоң талкууну жаратты. УКМКнын мындай алгыр кадамы алкоого арзыды. Буга чейин сотторго эчен жолу эскертүүлөр берилип, таза иштөөгө чакырыктар жасалган. Бирок угушпайт экен. Жашылбайларды алып-жулуп, каалагандай чечим чыгарган сотторго баары бир тура. Байышса болду. 

Дегеле коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө Камчыбек Ташиев чечкиндүү иштеп жатат. Прокуратура, сот, милиция, салык, бажыдан баштап, кайсы тармак алдым-жуттумдук менен шугулданса, камакка алуу, “кустуруу” менен алектенүүдө. Бир жагынан ОПГ менен кармашып, алардын дээрлик лидерлерин камаганга үлгүрдү. Негизи коррупциялашкан ар тармактагы “жети баштуу желмогуздар” менен күрөшүүдө жалгыз жетекчи катары жетишпей калууда. Жумуштун көптүгүнөн Камчыбек Ташиев айрым күндөрү УКМКга түнөп калууга аргасыз болуп атканын айтышууда. 

Бекем саясый эрк, күрөшчүл маанай жана талыкпаган эмгек каалайбыз! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер