Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ошто кондитердик азыктан 30дан ашык адам ууланды

Ошто кондитердик азыктан 30дан ашык адам ууланды

03-май, 12:09
522 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Анын ичинен 18и 14 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти. Окуя кечээ 1-майда катталган.

“Текшерүүдө тургундар Кара-Суу районундагы "Сахобот" кондитердик цехинде жасалган таттуу токочтон ууланышканы белгилүү болду. Цехке пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, иши токтотулуп, аталган таттуулар дүкөндөрдөн алынып жатат. Бардык жабырлануучуларга биринчи жардам көрсөтүлдү. Учурда 14 бала дарыланууда. Абалдары канааттандырарлык” деп билдиришти мекемеден.

Ошондой эле аталган факты боюнча териштирүү иштери уланып жатканы белгиленет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер