Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыз жери «проходной двор» эмес. Тажик тарап тежиктене берсе блокадага кабылат...

Кыргыз жери «проходной двор» эмес. Тажик тарап тежиктене берсе блокадага кабылат...

10-апрель, 21:51
1 728 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эки чөнтөгүнө эки академияны салып алган Топчуке Тургуналиев пайгамбар жашына келгени менен илгерки түшүнбөстүктөрү дагы эле кала бериптир. Анын айтымында, “советтик бийлик, Компартия Борбор Азиядагы республикалардын чек араларын аныктоодо баарын чакчелекей кылып, кийин жарыла турган “бомбаларды” көөмп салган экен” деп сакалдуу башы менен апыртып, күнөөнүн баарын совет бийлиги менен Компартияга жүктөдү. Андан ары көргөн-билгенин айтып отуруп, В.В.Путинге асылып, “анын айтканынан ташбалакет да болбоду, ал убадасын аткарбады” деп аны да күнөөлөдү. Аксакал адам оюна эмне келсе ошону оттоп, дөөрүй берсе боло береби? Бир туруп, “Москвага жалдыраган тажиктер Кремлдин тилин табышып, Кыргызстандын керемет жерлерин ээлеп, анклавдарды көбөйтүп алышкан экен” десе, кайра өзүнө-өзү каршы чыгып, “баса, “Ворух Тажикстанга берилсин деген чечим жок” деп мага 2010-жылы өкмөттөн билдиришкен” дейт. 

Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы Москва, Кремль, Кыргызстандын мыйзамдары эмес, жаратылыштын да мыйзамдарына туура келбейт. Эң жөнөкөй мисал келтирсек, адамдын денесинде зыяндуу шишик (рак) пайда болгондо операция жолу менен алынып ташталат. Ал эми зыяндуу “шишикти” кыргыз-тажик чек арасындагыдай коррупциялык жана контрабандалык жолдор менен азыктандырып туруу өлкөбүзгө, өзүбүзгө зыян экенин ар бир адам түшүнүшү керек. Түшүнгүсү келбегендер үчүн андай жолдорду биротоло жаап таштоо керек. Дагы бир мисал келтирсек, кой короонун ортосуна карышкыр келип жайгашып алса, айдап чыгайын десе азуусун көрсөтүп ырылдап турса, “алып кет кашабаңды” деп Кудайга жалынабызбы? Кудай-пудайыңды урганы жок карышкыр бөлтүрүктөрүн көбөйтүп, койлорду четинен кырып коюп жата берери турган иш. Ошондуктан президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев В.Путин, Н.Назарбаев, И.Мирзиёев менен бирдикте анклавдарды алмаштыруу – көчүрүү үчүн саясый чечим кабыл алуулары керек. Ансыз учкундан жалын тутанып, Борбор Азияны каптаган өрткө айланганда кеч болуп калары түшүнүктүү.

30 жылдан бери саясый-экономикалык жана идеологиялык согушун жүргүзүп келаткан АКШ баш болгон капиталисттер отко май куйгандын үстүндө болушат. Бул жерде Вашингтон жана ЕБ “демократия аралчасы” болгон Кыргызстан тарапта болушу мүмкүн деген божомол таптакыр туура эмес. Тескерисинче, АКШга демократия керек эмес, аларга Борбор Азиядагы башаламандыктар керек. Алар мурдатан эле Афганистан, Сириядан калган курал-жарактарын Тажикстанга берип, ИГИЛдин калдыктарын Афганистан менен Тажикстандын чек арасына жайгаштырып койгон. Азыр болсо жаңы президентинин келиши менен абал тескери жагына ооду. Самолёттун тепкичинен чыга албай үч жолу көмкөрөсүнөн кулап түшкөн президенти баш болуп АКШ мурдагы күчүн жоготту. Украина, Белоруссия, Арменияда чуу жараткан капиталисттер Борбор Азия аркылуу Россия менен Кытайга таасир этүүнү каалашат, бирок колунан келбей калды. Анткени, биринчи-экинчи орунда турган Россия менен Кытай күчтүү держава болушуп, Белоруссия, Казакстан, Өзбекстан өнүккөн өлкөлөргө айланышты. 

Бүгүнкү күндө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин сунушун аткаргысы келбеген тажик тарап тежиктене берсе блокадага кабылып, ачкасынан кырылып калышы мүмкүн. Тажикстандагы диктатуралык режим, ич ара тил табыша албаган он жылдык жарандык согушу, коррупциялык жана мафиялык системасы, көп сандаган криминалдын түрлөрү болуп Ворух анклавы аркылуу күндөн-күнгө көбөйүп баратканы өтө эле чектен чыккандык. Мындай жапайычылыкка 30 жылдан бери чыдап келишкен кыргыз элине рахматын айтып, анклав кылып ээлеп алган кыргыз жерин бошотуп бериши керек.


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер