Президентке карата Гүлжигит Исаков сын-пикирди маданияттуу маанайда жаза албайбы?

Соцтармакта Гүлжигит Исаков аттуу блогер бар. Дээрлик чиновниктер жөнүндө анчейин алектенбейт, аларды сындабайт. Түз эле президент Садыр Жапаровго асылып, каарып жечүдөй орой сөздөрдү агытып, беттен алмай жайы бар. Аша чаап кетүүнүн муктаждыгы жаралып калдыбы? Кызык. Сын-пикирди сылык маанайында, маданияттуу, негиздүү иретинде жазсак деле болот да, туурабы? Кайсы бир деңгээлде инсандын улуу жашын, кызматтык даражасын да сыйлап, ошого жараша ыйбаа кылуу менен сөз айтсак не? “Кебез менен мууздагандай...” деп кыргыздар бекеринен айтпаса керек. Тилекке каршы, Гүлжигит мырза сөз баштаганда эле “Садыр...” деп кекетип киришет да, аягына чейин оройлоно сөздүн кунарын кетирүүгө маш! Арыдан бери болуп, кичине акыл-эс менен сындайлы. Тамды сүзө берүүдөн мүйүз деле чыгып кетпейт.
"Азия Ньюс" гезити