Акыркы кабарлар
» Саясат » Агаң өкмөттү бийлеп турса, генерал алыш кеп бекен?
Агаң өкмөттү бийлеп турса, генерал алыш кеп бекен?
10-сентябрь, 08:00
537 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жаза аткаруу кызматынын төрага орун басары Рахатбек Жапаров генерал-майор наамын алды. Бул өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун бир тууган иниси. “Кол ийрисине тарткан” саясат бекен? Агасына түздөн-түз баш ийген кызматты аркалап отуруп, “чоң жылдызды” багындырды. Рахатбектин кесиптештеринен сурамжылоо кылсак, көптүн бири катары эле сыпатталды. Тууганчылыктын арты менен карьера жасап келатканы белгилүү тура. Ансыз да генералдык чин-даражанын кадыры түшүп калган чакта, ансайын баркын кетириштиби? Кудай бетин салбасын, Рахатбек Жапаров генерал-майор алганын жумалап “жууса” керек...
"Азия Ньюс" гезити