Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ооругандар өтө көп болуп, тез жардам унаасы жетишпей жатат

Ооругандар өтө көп болуп, тез жардам унаасы жетишпей жатат

27-июнь, 23:16
1 196 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевге онлайн брифинг учурунда: "Социалдык тармактарда ооруканалар башка илдет менен барган бейтаптарды кабыл албай жатышат, министрликтен кандай чаралар көрүлөт?" деген суроо берилди.

"Ооба, акыркы күндөрдө ооруканалардагы орундар боюнча көйгөй болуп жатат, бул айтылгандарды жокко чыгара албайм. Негизинен COVID-19 илдети Бишкек жана Ош шаарларында болуп жатат. Бизде 335 койка бар экенин айттым, бүгүнкү күндө биз орундарды көбөйтүүнү ойлонуп жатабыз. Өзүңүздөр көргөндөй, акыркы күндөрү ооругандардын саны көбөйүп жатат.

Азыр пневмония менен ооруп келгендерди дагы кабыл ала баштадык, мындай бейтаптар үчүн 92 орун камдалды. Чакыруулар өтө көп болуп жаткандыктан "Тез жардам" кызматы үлгүрбөй жатат, кечээ кечинде эле 146 чакыруу болду, 33 бригада иштеп жаткан, кошумча бригадаларды да ишке киргиздик. Жалпысынан күн ичинде 3 миң 940 кайрылуу болду.

Бирок ооруканалардагы орундар жана башка илдет менен ооруп жаткан бейтаптар тууралуу айта турган болсом, биз аларга жардам көрсөтөбүз", - деди Каратаев.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер