Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талантбек Батыралиев: “Вирус күчөдү. Эл режимди сактабай жатат”

Талантбек Батыралиев: “Вирус күчөдү. Эл режимди сактабай жатат”

03-декабрь, 13:51
2 702 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Медицина илиминин доктору, профессор Талантбек Батыралиев менен коронавирус илдетинин жаңы жагдайлары, аны менен күрөшүүдөгү чектөөлөр, андан чыккан көйгөйлөр тууралуу азыноолак маектештик. 

-- Алгач өткөн жума тууралуу жалпы абалга токтолуп өтсөңүз?

-- Дүйнөдө азыр ковид алоолонгон оттой эле тарап аткан мезгил. Түркия, Россия, Чехия, Иранда жана АКШда антирекорддор белгиленип, карантиндик чектөөлөр күчөтүлдү. Латвияда акыбал жөнгө салынбай, медиктердин жетишсиздигинен жана бирдиктүү иш алып барылбагандыгынан саламаттык сактоо министрлиги өзгөчө кырдаалды узартууну сунуштады. ДДСУ акыбал оор деп, шалаакылык кылбай активдүү тестирлөөнү жайылтууну сунуш кылды. Бирок бизде, тилекке каршы, активдүү тестирлөө болбой, күрөш солгун жүрүп жатат. Буга күндүк сандардын секириги өйдө-төмөн болуп жатканы күбө.

-- Ковид менен күрөшүүнүн эң ишенимдүү белгилери катары эмнелерди айтасыз?

-- Социалдык дистанция, беткап жана активдүү тестирлөө менен алып барылган күрөш.

-- Эл ичинде коронавирус грипптей эле кабыл алынып калды окшойт. Бул илдет коркунучтуубу же тыюуларды тоготпой, жай турмушта жашай берсе болобу?

-- Пандемия – бул вирустун адамзатка болгон согушу. Азырынча жеңген тарап – ковид. Согушту мамлекеттин атынан штаб жетектейт. Каалайбызбы же жокпу, республикалык штабдын чечими буйрук катары аткарылууга тийиш. Бирок, кош стандарттуулук элдин тартибин бузат. Демалыш күндөрү Грузияда 72 өлүм катталганын эске алсак, ковидди грипп катары кабыл алып, бошоңдосок, жазабызды берет. Кечээ эле Грузияны мактап, үлгү көрсөтүп аттык эле, бул чындык. Вирус да жашагысы келет, жоголуп кетпейт, бошоңдогон жерден жайылат. Аны башкарып, бирге жашоого аракет кылган абзел. Эл өлүмгө деле көнгөндөй көрүнүш бар. Күндө туруктуу 4-5 жоготуу болууда. Орто жана оор сыркоолорго комплекстүү кызматты тез беришибиз керек. Пандемия жокто адаттагы берилген медициналык кызматты аксатпоо керек. Штаб элге бирдиктүү маалымат таратканы оң. 

-- Вирустун айынан эл аралык байланыштар токтоду. Аны жөнгө салуунун жолу кандай болот?

-- Ар бир өлкөдө күрөш өлкө башчыларынын көзөмөлүндө болуп, режим кабыл алынууда. Ошого жараша оперативдүү байланыш түзүү зарыл. Турмуш улана берет, жаңы оор шарттарда болсо мамлекеттик долбоорлор токтобош керек. ДДСУ туннелдин учунда жарык көрүндү дегени менен менин оюмча вакцина толугу менен ковидден арылтпайт. Жашоо шартыбызды, ооруларга болгон мамилебизди өзгөртүүнүн заманы келди. Бул жерде штаб эл башкарам деген саясатчылар менен жакынкы, орто жана узак мөөнөттүк программаларды иштеп чыгуусу керек. Анткени оорунун кеспетинен келип чыккан жаңы көйгөйлөрдү реабилитациялоо керек.

-- Дарыгерлердин жумушун жеңилдетүү максатында элден жана өкмөттөн эмне жардам күтөсүз?

-- Бул бир согуш экенин элестетсек, фронттун алдыңкы позициясында медиктер турат. Санитардык жоготуулар – өлүм. Иш ордунда ковид жугузгандар болот, болуп жатат. Аларга дем берип, тылдык камсыздоону үзгүлтүксүз, жогорку деңгээлде көрсөтүп, жаралангандардын кайра согуш талаасына кайтуусун ийгиликтин бир мүмкүнчүлүгү катары көрүү – замандын талабы. Айтылган сөздү, убаданы так аткарып, медиктердин шагын сындырбай, керектүү төлөмдөрдү убагында беришсе. Ооба, согуш деп адаттагы турмуштун муктаждыгын унутпоо керек. Турмушу оор жарандарды тактап, алардын бала-чакасын тамак-аштан өксүтпөй, мамлекеттин камкордугуна алып көзөмөлдөбөсө, жаңы проблема чыгат, башка оорулар күчөйт. Бюджетке, элдин капчыгына чоң жүк болот. Ушул толкундан чыксак бүттү дебейли, күрөштү басаңдатмай жок. Саясый партиялардын эми өздөрүн көрсөтөөр мезгили келди. Тизгин талашпай, ынтымакта элге үлгү болгула, ишиңерди эл бааласын дейт элем.

Азыр ача пикир бар, штаб мамлекеттик орган катары эл режимди сактабай жатпайбы дейт. Эл тиричилик кылам деп жанталашып өзүн өзү багып жатат да. Пандемиянын кесепетин эске алып, элди жалпы күрөшкө мобилизациялоо жана жогорку деңгээлде жоопкерчилик менен чечим кабыл алуу штабдын милдети. Биздин ковидке каршы күчүбүз – биримдикте.

 

Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер