Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төрдө отурганы Примов болсо, көпчүлүк депутаттарга кандай баа бересиңер?

Төрдө отурганы Примов болсо, көпчүлүк депутаттарга кандай баа бересиңер?

11-февраль, 09:00
569 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коммерсант катары телчигип, көмүр сатууда “салык жашырууга шектелген” Улан Примовду таанып калдыңарбы? Алгач Ош шаардык кеңешинде депутат, кийин Жогорку Кеңешке КСДПнын артынан эптеп илинген. Саясый ой жүгүртүүсү чабалдык кылса да, кошомат кылуу, акчанын күчү менен көтөрүлүп алды. Убагында Алмамбет Анапияевге “отметка” кылып жүргөнү жалганбы? Бул суроого качып эле жооп бербейт... Учурда парламентте вице-спикер катары иштеп атат. Төрдө отурганы ушул болсо, көпчүлүк депутаттарга кандай баа бересиңер? Эгерде Жогорку Кеңештин катмары интеллигенциядан, аткаруу кызматындагы тажрыйбалуу жетекчилерден, илимий чөйрөдөн куралса, баркталат эле, туурабы? Ага болбой эле негизинен соода-сатык, базар, спорт залдардан келип атышпайбы. Ошон үчүн алгылыктуу мыйзамдар жазылбай, натыйжалуу иштер жүрбөй, мамлекетибиз өнүкпөй атат да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер