Акаевдин туулган күнү Алматыда жогорку деңгээлде белгиленди
10-ноябрда Аскар Акаев 79 жашка толду. Бул күндүн урматына атайын Алматыга чакырылганы боюнча кабар алдык. Калаа башчысы Ерболат Досаев, Аль-Фараби атындагы казак мамлекеттик университетинин ректору Жансеит Туймебаев баштаган казактын тыңчыкмалары жылуу тосуп алышып, дасторкон жайышып, өзгөчө маанай тартуулашыптыр. Бишкектен саясатчы Бекболот Талгарбеков да барып, көңүлдүү кеченин сыйлуу коногу болгонун эшиттик. Кыргызстандын тунгуч президенти даңктуу инсан катары бааланып, өздүк майрамы менен Путиндин, Токаевдин жакын адамдары куттукташып, жогорку деңгээлде мамиле кылышканы жөн жерден эместир. Акаев КМШ өлкөлөрүндө бийик абройго татып атса, байма-бай Аль-Фараби университетине лекция окуса, казактар билимин алууга умтулушуп, баалап жатышканын карагылачы? А кыргыздын билермандары “колдо бар алтындын баркы жок” дегендей кайдыгер карашып, чейрек кылымдан кийин ойгонушабы?..
"Азия Ньюс" гезити