Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Академик Миталип Мамытов узак жашоонун сырларын айтып берди

Академик Миталип Мамытов узак жашоонун сырларын айтып берди

09-январь, 14:22
1 804 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова дарыгер, академик Миталип Мамытовдун узак жашоонун сырлары боюнча айткандарын социалдык баракчасына бөлүштү.“Узак жашоонун 7 сыры. 81 жаштагы нейрохирург, Кыргыз Эл баатыры, өмүрүндө 12 000 мээге операция жасаган Миталип Мамытов агайдын узак жашоонун 7 сыры жөнүндө кеңеши:
1.Эң ириде, таза үй-бүлөдө төрөлүү,
2.Таза ойлонуу;
3.Таза иштөө;
4. Дене бойду таза кармоо;
5.Таза адамдар менен баарлашып, сүйлөшүү;
6.Таза абада көбүрөөк сейилдеп, эс алуу;
7. Таза, нукура тамак ичүү керек.
Адам баласы төрөлгөндө жүзү жарык, ичинде кири жок, оюнда эч жамандыгы жок болуп жаралат. Өзүбүздү өзүбүз кирдетебиз.
- Мээ качан эс алат?
- Уктаганда, жакшы сөз же музыка укканда, жакшы көрүнүштөргө күбө болгондо, табиятка чыкканда, жакшы адамдар менен баарлашканда мээ эс алат”,-деп айтылат аталган постто.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер