Чолпон-Ата шаарына мэр токтобой, көл сезонуна кесепети тийүүдө


Таңгаласың да. Чолпон-Ата шаарына туристтер, эс алуучулар эң көп барышары маалым. Көлдүн күзгүсү. Кызыгы, сезон башталганы бул шаардын мэри улам алмашып, азыр үчүнчү жетекчи отурат. Кимиси келип кетип атканы да коомчулукка белгисиз. Айтор, кадр саясатынын чабалдыгынан чаржайыттуулук, шалаакылык жасалып жаткандай. Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормоновдун “кашаңдыгынан” ушундай көрүнүш кайталанган кербезиби? Губернатор Бакыт Жетигенов кол астындагыларды ыраатка салышы керек эле да, туурабы? Эгерде жергиликтүү башчылардын туруктуу позициясы, ишбилги сапаттары болбосо, жогору жакка чейин сөз тийет. Жамы журтубуз карап турат. Ашмалтайлары чыгып, Чолпон-Атага мэр токтобой атса, кайдагы ырааттуулукту айтабыз? “Балык башынан сасыйт” дегендей, же өкмөттүн чалагайым саясатыбы? Алдыны көрө билбей, кадр тандай албай калышса, мунун кесепети жаман. Ток этерине келсек, көл сезонун татыктуу түрдө өткөзө албай, улам мэрлер, акимдер алмашып жатканы өкүнүчтүү...
"Азия Ньюс" гезити











