Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Актилек Гүлжигит кызы: “Ош–Бишкек жолунда көз жашымды тыя албай келаттым...”

Актилек Гүлжигит кызы: “Ош–Бишкек жолунда көз жашымды тыя албай келаттым...”

16-ноябрь, 12:06
1 714 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү алып баруучу Актилек Гүлжигит кызы өткөн күндөрүн эскерип жазды. “2015-жыл. Ош. “Келечек” базары. Ашканада чай ичип отурдум. Жумуштан жаңы эле кеткен учур, оюмда он санаа... “Бишкек! Бишкекке кетебиз!" деген үн үркүтө салды. Терезенин ары жагында такси айдоочусу ачкычын бармагына улам айлантып, жүргүнчү топтоп жатыптыр. Бир саамга ойлоно калдым. Жүрөгүм “Бишкекке кет!” деди. 

-- Ака, канчадан алып кетесиз?

-- Миң бер, дароо кетебиз, - деди айдоочу. 

-- Ака, миң сом эле акчам бар, 700 берем. Калганына чай-пай ичип кетейин!

-- Аа жо-ок, 800 бер жок дегенде, эй!

-- Майли, мен жарым саатта келем!

Кыздар менен жашаган батирге келип, кийимдеримди жыйнап жолго чыгып кеттим. Бишкекте үйүнө бара турчу да киши жок. Түзүгүрөөк таанышым да жок. Интуицияга ишенип баса бергем...

Тоолорду аралап келаттык. Эмнеге ыйлап жатканымды өзүм да түшүнбөдүм. Бийик чокулардан көзүмдү албай, көз жашымды тыя албай келаттым... Бишкек мени кабыл алабы? Быша элекмин. Ошто топтогон тажрыйбам жетеби? Эч нерсени түшүнбөй калсамчы? Бишкекте күчтүү, тажрыйбалуу, мыкты журналисттер иштейт да деген ойлор, суроолор эзип келатты... 

Түнү жетип келдик. Жаңы автовокзал айбаттай көрүнүптүр ошондо мага. Таңга чейин вокзалдын короосундагы отургучта баштыгымды жазданып уктадым. Күн жарыганда ошол жердеги дүкөнчөдөн 15 сомго токоч сатып алып жеп алып, сураштырып, Ош базарга келдим. Жарыя пунктунан жумуш таап, базардын айланасындагы ашканалардын биринде идиш жууп жүрдүм...

Бишкектеги телеканалдарга резюмемди бердим, бирок бири да албай койду...»

(Кийин улантам)

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер