Кеңешбек Дүйшөбаев: “Биздин кыймыл жакында активдүү иш аракеттерин баштайт”
-- Кеңешбек ага, жакында эле “Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы” деген оппозициялык маанайда жаңы уюм түзүлдү, анын катарында сиз да барсыз. Ушу боюнча өзүңүз кенен-чонон айтып бересизби (максаты, идеялары ж.б.)?
-- Бириккен демократиялык кыймылдын билдирүүсү жарыяланбадыбы. Анда кыймылдын максаттары, багыттары, түзүлгөндүгүнүн себептери так айтылды. Ошондуктан аларды кайталоонун кажети жок. “Кыргызстан демократиялык өлкө болсун” десек, анда сөзсүз оппозициялык маанайдагы, сын көз карашын, позициясын ачык айткан, альтернативалык сунуштарды берген күч болушу керек. Бул коомдун, мамлекеттин туура багытта өнүгүүсүнүн негизги принциптеринин бири. Өзүнүн оппоненттерин басмырлаган, камаган, куугунтуктаган, сөз эркиндигин ооздуктаган президенттердин экөө качып, бирөө камакта жатат. Үч жолу революция болду. Биз ошол тарыхыбыздан сабак алып, өнүгүүнүн тынч, эволюциялык жолуна түшүүбүз керек.
-- Бул кыймылда аттуу-баштуулардан кимдер бар? Ким жетектемей болду?
-- Кыймылдын эшиги ар дайым ачык. Биздин көз карашыбыз, максатыбыз менен макул болгон, колдогон жарандар келип жатышат. Бир аз убакыттан кийин кимдер катарыбызда экенин айтабыз. Азырынча оппозициялык маанайдагы саясатчыларыбыздан Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Рита Карасартова, мен Кеңешбек Дүйшөбаев ж.б. барбыз. Кыймылдын координатору болуп белгилүү саясатчы, коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов шайланды. Биз анын турмуштук тажрыйбасына, туруктуу көз караш, принциптерине, уюштуруучулук жана башкаруучулук жөндөмдөрүнө өзгөчө көңүл бөлүп токтолдук. Жакынкы күндөрү биздин кыймыл активдүү иш аракеттерди баштайбыз деп турабыз.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити