Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аттиланы “атабыз” деген Кошалиев тарыхты бурмалап, Сарыгулов менен Ааматовдун арбайын соккондо

Аттиланы “атабыз” деген Кошалиев тарыхты бурмалап, Сарыгулов менен Ааматовдун арбайын соккондо

24-июнь, 19:30
344 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыздар Борбор Азиядагы байыркы элдердин бири экендиги кытай булактарында б.з.ч. 201-жылы эле белгилүү болгон. В.Бартольд, Н.Бернштам, С.Абрамзонго окшогон аты дүйнөгө таанымал окумуштуулар археологиялык, этнографиялык жана башка булактарга таянып далилдүү изилдөөлөрүн жазышкан. Тарыхты чала окуп алып, калпагы бар сүрөт көрсө эле “кыргыз” деп, дүйнө окумуштууларынын баардыгы изилдеп, тактаган маселелерге деле “тактоо киргизем” деген дилетант тарыхчылар көбөйдү. УТРКнын “Маданият” каналында өзүн жалгыз кыргыз таануучу катары сезген Кадыр Кошалиев Аттиланы “атабыз” деп айтып жатат. Андан көрө гунндар качан пайда болгонун жакшылап окуп албайбы. Кыргыз ошол гунндардын дадасы хунндар менен эгешип, чабышып жүрсө, гунн кайдан жүрүп кыргызга ата болот? Ал эми Дастан Сарыгулов, Бегиш Ааматов деген аксакалдар Чыңгызханды, Аксак Темирди кыргыз кылуу менен убара. Анда аксакал “тарыхчыларга” ишенсек, ал эки баатыр эле эмес, Батый, Токтомуш, Өзбек хан да кыргыз, “Алтын ордо” кыргыз хандыгы болот. Кылар иши жок болсо эле минтип тарыхты каалагандай бурмалап, жомок айтып, келечек муунга жалган маалыматтарды тарата берген болбойт да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер