Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү кооптонуу жаратып жаткандай

Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү кооптонуу жаратып жаткандай

02-сентябрь, 08:00
444 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бийлик бут тоспосо, Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата иш-чара өткөзүлгөнү жатыптыр. Адатта эл чогулуп, маанай көтөрүү салтанаттары орун алабы? Бул боюнча тар чөйрөдө аракеттер көрүлгөнүнөн кабар алдык. Экс-президенттин туулган күнү 17-сентябрда өтөт. Колдоочулары, карапайым эл копшолууга, жапырт чогулууга ниеттенип жатышса, алдыртан “тизгин тартуу” ишараты байкалып, кысууга алышса, кандай болот? Айтор, ички ыйкы-тыйкылар алдыртан байкалууда. Атамбаев келбесе да, туулган күн өткөзүү арсар абалга кептелип, шек саноолор күчөп баратканы кандай? Сыягы, бийликке келечектеги оппонент “Социал-демократтар” болору байкалып калды окшойт. Ошондо реванш алууга мезгил жакындап баратабы? Лидер Темирлан Султанбеков да эл аралык деңгээлдеги саясатчыга айланып баратса... Ал эми Алмазбек Атамбаев жогору жакта калдайып турганда, ойлогон максаттар, идеялар оңунан чыгабы?..  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер