Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мавлян Аскарбеков, оппозиционер: “Бийликтегилерден мыйзамдардын алкагында иш алып баруусун суранат элем”

Мавлян Аскарбеков, оппозиционер: “Бийликтегилерден мыйзамдардын алкагында иш алып баруусун суранат элем”

27-ноябрь, 19:30
511 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сот Теңгиз Бөлтүрүктүн банк эсептерин камактан чыгарып, 800 миң сом айып пул салды. Бул сумма анын мамлекетке келтирген зыяны үчүн аз эмеспи?

-Теңгиз Бөлтүрүккө расмий бийлик эл алдында оор беренелер менен кылмыш ишин козгоп, 1,14 млрд. сом зыян келтиргенин жарыялаган. "Көчмөндөр мурасы" ишканасын ачып, ага 26 млрд. сом мамлекеттик казынадан бөлүп, болгон кен байлыктарды берип, Кумтөрдүн ишин, алтынын каалагандай калчатты. Көптөгөн инвестициялык келишимдер, пландар ишке ашпай токтоп калды. Бөлтүрүк мырзаны бошотуп, элибизге келтирилген 1,14 млрд. чыгашанын 800 миң сомун гана кайтарышты. Жогоруда айтылган чыгаша, мамлекетке кеткен доо, инвесторлордун ишениминен кетүү делген жоготуулар болду. Эми ушунун баарына Бөлтүрүктү баш кылып кызматка алгандар эл алдында жооп береби?” деген суроо ачык бойдон турат.

-Көлбаевдин мүлкү конфискацияланып, сатыкка коюла баштаганы эл арасында түрдүү пикирлер айтылып жатат. Анын мүлкүн сатыкка коюп баштаганы туура элеби?

-- Көлбаевдин өлтүрүлүшү эл арасында көп суроолорду жаратты. Андан да кызыгы, кайсы кылмыш иштин негизинде мүлктөрү камакка алынып, каалаганы кайтарылып, бир бөлүгү сатылууда?” деген суроолор болууда. Расмий билдирүүлөр тарыхта, эл эсинде, ММК да калат. 700 батири бар экен, мынча унаасы, жылкылары, имараттары бар экен деп чыгып жатат. Мыйзам алкагында, соттун чечими менен конфискациялоо болсо, ошол сот чечиминде баары жазылып, жарыяланышы керек эле. Кайсы жерде канча чарчы метр батир, кандай имарат, кандай жылкылар, унаалар жана башка мүлкү толук тизмектелип, жазылып, актыланып жарыяланышы керек. Жогоруда мен айткан ой өзүн-өзү сыйлаган, мыйзамдуу өлкөдө болчу иш. Мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү орган башкы прокуратура бар болсо үн катып, иш алпарса деген тилек, болбосо келечекте жооптуу болору шексиз. Негизи эле баардык бийлик башындагылардын Конституциянын, мыйзамдардын алкагында иш алып баруусун суранат элем. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер