Искендер Матраимов: “Ынтымакта бололу, кимдир бирөөдөн күнөө издебейли?”
Урматтуу мекендештер, журтташтар!
Ар бирибиз бүгүнкү күндө тагдырдын оор сыноосун көтөрүп, адам баласына жабышкан илдет менен күрөшүп, жакындарыбыздын, элибиздин амандыгы үчүн болгон аракеттерди кылып жатабыз. Дабасы табылбаган ылаӊ бизди гана эмес, дүйнөдөгү жалпы адамзаттын кабыргасын кайыштырып, көптөгөн өмүрлөрдү алып кетти. Биздин Кыргызстанда дагы абал оор, ооругандардын саны миӊдеп саналат. Тийешелүү бийлик органдары, ар бир атуул ынтымак менен жапа тырмак вируска каршы күрөшкө чыкты.
Айрыкча дарыгерлер адам өмүрүн сактап калууда каармандык менен аракеттерин көрүп жатышат. Вирустун кесепети күтүлүп жаткандан дагы коркунучтуу экенин көзүбүз менен көрүп, сезип жатабыз.
Арабыздан бир канча адамдарды ажалга алдырдык. Алардын жаткан жерлери жайлуу болсун, жакындарына көӊүл айтам.
Бирок, айыгып чыккандардын саны көп. Акыл калчап, эс токтотуп, өзүбүздү-өзүбүз колго алуубуз зарыл. Себеби, паникага алдырып, өзүн жоготуу -- ооруга оӊой алдырууга барабар экенин түшүндүк.
Биздин врачтар кыска убакытта тажрыйба топтоп, өз убагында дарылап жетишип калышты.
Бүгүн, бизге ынтымак менен чогуу туруу, жардамга муктаждарга кол сунуу гана маанилүү. “Ынтымак бар жерде – ырыс бар”. Ооба, арабызда эмоция менен айтылган ачуу сөздөрдү, кимдир бирөөдөн күнөөнү издөөлөрдү угуп жатабыз. Биз тарткан кыйынчылыкты бай өлкөлөр дагы тартып, алар дагы баш аягын таппай жатышат. Кимдир бирөөдөн күнөө издей турган маалбы азыр?! Жок, азыр бир түндүктүн түбүнө биригип, элибизди, жакын-туугандарыбызды, ата-эне, балдарыбызды сактап калууну гана ойлоно турган учур!
Ынтымак бололу журтташтар, Жараткан Алла бизди сактап, бул кыйынчылыктан жоготуусуз өтүп кетели!
Биз дагы өз салымды кошуп, сиздердин саламаттык үчүн болгон аракеттерди кылып жатабыз. Араӊыздарда болобуз, оорубаӊыздар!
Сүрөттө: биздин ачкан стационардык оорукананын дарыгерлери.
ЖК депутаты Искендер Матраимовдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды