Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аида ИСМАИЛОВА, ЖК депутаты: “Бизде “Пустышка” курулуш компаниялары түзүлөт...”

Аида ИСМАИЛОВА, ЖК депутаты: “Бизде “Пустышка” курулуш компаниялары түзүлөт...”

01-октябрь, 14:04
857 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


-- Аида Жекшенбаевна, жабыркаган үлүшчүлөрдүн укугун коргоого багытталган бир мыйзам долбоорун даярдап жаттыңыз, анын тагдыры кандай болду? 

-- Өз каражатын жана турак жайын жоготкон үлүшчүлөр менен мен бир нече жолу жолугуштум. Тегерек үстөл да өткөзгөм. Анан кырдаалды анализдеген соң мен мыйзам долбоорун жазып, эки ай мурун өкмөткө жибергем. Бирок, алар тараптан өтө көп эскертүүлөр келди. Эгер мен ал сунуш-пикирлерге таянып, мыйзам долбоорун оңдоп чыкчу болсом, үлүшчүлөргө эч кандай жардам да, кепилдик да болбой калат. Ошондуктан, менде “өкмөт жактан лобби жасалып жаткан жокпу?” деген ойлор пайда болууда. Анткени, курулуш компаниялары менин өзүмө дагы бир нече жолу “сиз кийлигишпей эле өкмөткө берип салыңыз” деп айтышкан. 2016-жылы өкмөт тараптан ушул көйгөй боюнча жумушчу топ түзүлдү (мен өзүм түзөйүн десем, болбой коюшкан). Бирок, азыркыга чейин андан эч кандай жыйынтык жок. Алар жабыркагандардын ар бири менен сүйлөшүп, анализ кылуулары керек болчу. Анын төрагасы Элдар Абакиров. Алар болсо “бизге эч кандай мыйзамдын кереги жок” деп, кодекстерге эле өзгөртүү киргизүүнү сунушташууда. Бирок, биз кодекске өзгөртүү киргизүү менен кырдаалдан чыга албайбыз. Анткени, бизге мыйзам керек, мыйзам жок болгондуктан, ушундай кырдаал жаралууда. Жабыркаган үлүшчүлөр боюнча статистика жок, алардын саны канча экенин эч ким санаган да эмес. Биз эле болжоп, төрт миң кишинин тегерегинде деп айтып атабыз. 

-- Эгер сиздин мыйзамыңыз кабыл алынып калса, ал үлүшчүлөргө кандай жардам бере алат?

-- Мен анализдеп көрдүм, үйлөр жети этап боюнча курулат. Мисалы, пайдубалын түптөөгө жана башка иштерге 30 пайыз төлөнөт. Аны төлөөгө курулуш компаниясы банктан кепилдик берүүчү эсеп ачат. Акча банк аркылуу төлөнөт. Курулуп жаткан объект камсыздандырылып, бирдеке болсо ошол камсыздандыруучу компания төлөп берет. Эгер он эки айдын ичинде эч кандай жумуш аткарылбаса, үлүшчү курулуш компаниясы менен келишимди бузганга укуктуу болот.  Азыр кандай болууда? Акчаларын курулуш компаниясына эле алып келип берип коюшат да, анан ким алганын таппай жатышат. Мага бул боюнча абдан эле көп кайрылуулар келди. Аларды анализдеп көрсөм, мындай картина келип чыкты: “Пустышка” курулуш компаниялары түзүлөт, ал жердин ээси менен келишим түзөт. Анан тамдын төрт-беш кабаты курулуп бүткөндө эле иш токтоп калат. Анан соттошуу башталат, курулуш компаниясынын жетекчиси камакка алынышы  мүмкүн. Жердин ээси болсо компания менен келишимди бузуп, жерди кайра өзүнө алып алат. Ал курулушка жүздөгөн киши акча кошкон да? Ошондуктан, укук коргоо органдары бул процесске көзөмөлдүк жүргүзүүлөрү керек. Балким, бул атайылап түзүлгөн схемадыр? Азыр эки нерсени жасоо кажет: биринчиси, бул алданып, жабыркаган үлүшчүлөргө  субсидия түрүндө жардам берүү керек. Азырынча алардын саны өтө көп эмес. Жогоруда айтылгандай, төрт миң кишинин тегерегинде. Экинчиси, келечекте алардын саны көбөйүп кетпегендей  кылуу зарыл. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер