Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айгүл Ысыкеева: “Ала качууга баргандар үй-бүлөлүк баалуулуктарды ойлонушпайт”

Айгүл Ысыкеева: “Ала качууга баргандар үй-бүлөлүк баалуулуктарды ойлонушпайт”

20-апрель, 16:00
536 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Учурда жаш өспүрүмдөргө карата болгон зордуктоолордун көбөйүп баратышы жана ага барган адамдардын психологиясы тууралуу эмнелерди айта аласыз?

-- Жаш өспүрүмдөргө карата зордуктоолордун түрлөрү көп: физикалык, психикалык, эмоционалдык, сексуалдык зордуктоолор болушу мүмкүн. Негизинен зордуктоолорго мигранттардын балдары көп учурайт. Анткени, тууган-тааныштарынын кароосундагы балдар өз ата-энесинин камкордугун алардан ала алышпайт да. Физикалык зордуктоо жөнүндө айтсак, көбүнчө өзүнүн эмоционалдык абалын жөндөй албагандар ошого барышат. Андайлар жоопкерчиликти өз мойнуна алганды билишпейт экен. Башка бирөөгө жини келсе, аны өз балдарынан жана түгөйүнөн чыгарганды адатка айлантышат. Ошондой эле бала чагында үй-бүлөсүндө физикалык басынуу менен тарбиялангандар аны кийин кайталашары шексиз. Аларга мындай адаттар көнүмүш болгондуктан, аны нормалдуу катары эсептешет. Алар зомбулуксуз мамиле куруунун жолдорун тааныбай калышкан. Канчалык жашоо-турмуш начарласа, билим сапаты төмөндөсө, зордук-зомбулук мындан да күчөй берери ошондон... 

-- Ала качууга барган адамдарга кандай мүнөздөмө берет элеңиз?

-- Андай адамдар өздөрүнө ишенишпейтИчки дүйнөлөрү тар, тайыз. Аларда баалуулуктар туура эмес калыптанып калган. Акыл-эси кем адамдар кыздын каалоосу жок, зордук жолу менен алып кетүүнү нормалдуу көрүнүш катары санашат. Алар кийинки үй-бүлөлүк турмушу, тагдыры кандай уланарын деле билишпейт. Ала качуунун артынан эле жашоо жыргалга айланмак беле? Мындайлар тескери фантазиялык картинаны элестетишет. Критикалык ойлонуу деген нөл. Ар бир адам жашоо баалуулугуна терең ой жүгүртүп, сый, сезимдер менен жашаганга акыл калчашса. 

-- Жалпы эле аялды басмырлоо, кордоо жана анын айлана-чөйрөсүнө, жакындарына тийгизген кесепеттери тууралуу айтсаңыз?

-- Үй-бүлөдөгү уруш-талашты, же аял кимдир бирөө тарабынан кордолуп, басмырланса, аны көргөн жаш балдар ошол нерсени өздөрүнө сиңирип алышат. Бул өкүнүчтүү. Адатта жашоолору татаалдана баштайт. Анын кесепетинен ар түрдүү психикалык травмаларды алышары ырас. Балдар көбүнчө коркок болушуп, өзүн коргой албай калышат. Сезимталдыгы жоголуп, адамдарга жылуу мамиле кыла албай кыйналышат, кандайдыр бир кысылуу, чектөөлөргө кабылышары ажеп эмес. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер