Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Коомдо бийликке карата нааразы катмардын көбөйүп баратканы чындык”

“Коомдо бийликке карата нааразы катмардын көбөйүп баратканы чындык”

27-май, 09:00
417 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бийлик жасалма оппозиция жаратууга муктажбы? Себеби, сындаган саясатчылар калбай баратат. Мындай көрүнүш мамлекеттүүлүк үчүн кооптуу эмеспи? Радикал динчилдер, же дагы бир үчүнчү күчтөр баш көтөрбөйбү?..

Жусупжан Жээнбеков, коомдук ишмер:

-- Менин оюмча, жасалма оппозиция түзө алышпайт. Себеби, “баарына акылыбыз жетет жана өзүбүз билебиз” деп калышты көрүнөт. Кандай гана адам болбосун, бийлик тарапка азыраак сын-пикир айтса эле эфирден чыга калып түшүндүрмө берип, коркутуп-үркүтүп акыйнек айтыша баштаганды адатка айлантып алышты. Ошону менен бирге жалганды чубуртушат...

Эгерде өздөрүнө ылайык жасалма оппозиция уюштурушса, анда анын айлык маяналарын жана алып баруу иштеринин планын, электоратты уюштуруп берүүсү керек. Ошондой эле аларды дагы тизгиндеп, көзөмөлгө алуусу кажет.

Азыркы күндө, жеке менин оюмча, жасалма оппозицияга бара турган элге таанымал саясатчыбыз жок жана барбайт. Ал эми жасакер саясатчылар (пахтакорлор) мына ошолор барышат. Бирок алар бийликтин оюндагыдай оппозиция боло алышпайт да...

Тазабек Икрамов, ЖК депутаты:

-- Дүйнө жүзүндө авторитардык өлкөлөр жасалма түрдө оппозиция жасап, ошол формалдуулук менен эл аралык коомчулукту алдагысы келген тажрыйбалар, фактылар көп эле кездешет. Коомдун өнүгүү формациясы спираль түрүндө болот. Дээрлик жашоо формасында баары эле телегейи тегиз боло бербейт. Объективдүү жана субъективдүү пикирлер дайыма айтылып, пикирлер ачалана берет. Бийлик табиятында өзү жасап жаткан жолун туура кылып жатам дейт. Андай эмес экенин тарых далай ирет далилдеген. Дал ошондуктан бийликтин жаңылыштыгын түзөп туруу үчүн жасалма оппозиция эмес, чыныгы оппозиция керек. Жасалма оппозиция бийликке да, элге да зыяндан башка пайдасы жок. 

Азыркы бийлик кандай оппозицияга муктаж экендигин билбейм, бирок коомдо нааразы катмардын көбөйүп баратканы чындык. Ага негизинен тарифтердин көтөрүлүп жатканы, инфляция, мыйзамсыз миграция, отчеттуулуктун жоктугу, бийликтин өзгөчө формада борбордоштурулганы нааразычылык жана адилетсиздикти жаратууда. Бийлик ашкере авторитардык режимди уланта берсе, баардык тармактар нааразы боло берет. Бүгүнкү күндө мамлекеттин коопсуздугуна бийлик жооптуу. Кыбыр эткендин баары бийликтин чечиминен көз каранды.

Темир Бирназаров, режиссёр:

-- Оппозиция сөзсүз чыгат! Өзгөчө кыргыздарда. Анткени ар бир кыргыз бийликти жакшы көрөт.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер