Акыркы кабарлар
» Коом » Казакстанда коронавирусту жуктургандардын саны 191 кишиге жетти
Казакстанда коронавирусту жуктургандардын саны 191 кишиге жетти
28-март, 13:16
520 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌28-марттын саат 10:30га карата Казакстанда коронавирусту жуктургандардын саны 191 кишиге жетти. Бул тууралуу Казакстандын саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, коронавирус жуктурган дагы 41 учур катталган. Муну менен коронавирусту жуктургандардын саны Казакстанда 191ге жетти. Анын 107 учуру Нур-Султанда, 57 учуру Алматыда, Карагандада 4, Жамбыл облусунда 3, Атырау облусунда 4, Акмоло облусунда 5, Шымкент шаарында 2 учур жана башка аймактарынан катталган.