Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Түркиядан боорумду алмаштырып келдим”

Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Түркиядан боорумду алмаштырып келдим”

08-декабрь, 21:41
570 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Исхак Абсаматович, ден соолугуңуз кантип калды? Кыргызстанга келдиңизби?

-- Ооба. Бирок, келген менен үйдөн чыкпай, көпчүлүк болгон жерге барбай турам. Түркиядан боорду алмаштырбадыбы. Ошондуктан, оору жукпасын үчүн бир аз, эки айдай изоляцияда болушум керек.

-- Небереңиз донор болдубу?

-- Жок. Эки бир тууган жээним. Таластык 5 жашар кыз мени менен бир күндө операция болду. Аны мен “небере кызым” деп эркелетип койчумун. Ошон үчүн кээ бирөөлөр “өзүнүн небереси экен” деп ойлоп алышыптыр. Ал кызга эл акча жыйнап беришти, мен да бир аз салымымды коштум. Андай кичинекей балдардын канчасы жүрөт, айланайын! Мен үч ай жүрдүм, жума сайын кыргызстандык бир-экөө операция болуп атты. Боору ооруган балдар аябай көп экен.

-- Биле албадыңызбы, анын себеби эмнеде экен?

-- Экология. Ата-энесинин ден соолугу анчалык жакшы эмес болгон. Анан ичкен суусу, жеген тамагынан. Бала төрөлгөндө айрымдары бир аз сары болуп төрөлөт. Андайларды күнгө кактап, дары берип айыктырыш керек. А бизде “эчтеке болбойт” деп көңүл бурбай коюшат да, натыйжада алты-жети айлык балдар боору оорулуу болуп калышат.

-- Анда сиз азырынча жумушка чыкпай турасызбы?

-- Ооба. Кандайдыр бир маанилүү маселе болуп калса, кат жазып, пикиримди айтам. “Каршымын” же “макулмун” дейм. Кыш кыштай болуп, кар жаап, анча-мынча оорулар басаңдаганда барам го жумушка. Азырынча... Шаарда чатак болуп атпайбы, сасык тумоо күч алып. Неберелерим улам бирөө ооруп атат. 

-- Жакында эле тууну алмаштыруу боюнча маселе каралбадыбы, сиз кандай добуш бердиңиз?

-- Мен ага катышкан жокмун. Негизи, алмаштырганга каршымын. “Күнкарамага окшош” деп уялышат экен. Кээ бир өлкөлөрдүн тууларында чымчыктын, мангонун сүрөтү турат, уялбай эле жүрүшөт го... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер