Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыз илиминдеги жана саясатындагы Абдыганы Эркебаев феномени

Кыргыз илиминдеги жана саясатындагы Абдыганы Эркебаев феномени

11-сентябрь, 19:30
206 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адам баласы ыңаалап жарык дүйнөгө жаралгандан тартып анын бешенесине келечек тагдырдын табышмактуу татаал жолу өз тамгасын салып, азыркыча айтканда, “дорожная картасын” чийип коёру тууралуу түркүн ойлор айтылып келет. Ошол сымал кимди кандай табышмактуу тагдыр күтүп тургандыгын боолгой, жакшылыктан күдөрүн үзбөгөн пенде баласы бекеринен “бешиктеги баланын бек болорун ким билет?” деп алдыга үмүт артып келбегендир. Ымыркай күндөн тартып ата-эне баласынын амандыгын тилейт жана “жакшы адам болсо экен” деп көксөйт. Бул жалпы адамзатка мүнөздүү болгон үмүттүү ишеним императив. Бирок тагдыр ар кимдики өзүнчө, башка бирөөдө кайталанбаган жолун таап, ким канча жашаса да өз шыбагасын ыроолоп, ар ким өз жолун өзү издеп буюрган өмүрүн сүрөт.

Кыргыз журтчулугуна, айрыкча адабият теориясы, кыргыз адабий сыны боюнча иштеген адистерге студент күнүнөн таанымал, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, белгилүү адабиятчы, академик Абдыганы Эркебаев да бул дүйнөгө жаралгандан бешенесине эмне жазылса ошону көрүп, мейли илимий, мейли саясый олимптин эң бийик сересине көтөрүлгөндүгүнө карабай, эл катары өмүр сүрүп, эң алды менен табиятынан мүнөздүү болгон улуу адамгерчилик касиетинен жанбай жашоосун улантып келет. Ал эми өткөн өмүрдүн жолу канчалык кууралдуу да, жыргалдуу да болду – ал узун сөз. Ал өзү бир китебинде жазгандай, адам өмүрү көбүнчө сырткы жагдайлар жана адамдык жан үрөгөн аракеттери менен шартталса да, илме-кайып тагдырды алдын ала болжоп билип болбойт. Ал ар дайым миң түркүн кубулуп, өзгөрүп турат. 

Абдыганы Эркебаевдин өмүр тагдыры өзү айткандай оош-кыйыштуу да, ооматтуу да болду. Анын балалык чагы канчалык драмалуу болсо да өзүнүн тубаса өжөрлүгү жана тырышчаактыгы менен өзгөчөлөнүп, мектепти мыкты окуп бүтүргөн. Ошол 70-жылдардын башындагы жалпы жаштардын техникалык кесипке ээ болобуз деген умтулуусунан улам болуу керек, ал дагы “Фрунзе политехникалык институтунда окуйм” деген көксөө ниет менен шаарга келип, белгилүү бир жагдайдан улам Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин окуп бүтүргөн. Окуганда да Лениндик стипендияга татыктуу болуп окуган. Мындай даражага жетип окууга жалпы орто мектептик билим берүүнүн деңгээли бийик болуп турган ошол заманда да миңдин бири татыган, ал эми азыр баары, анын ичинде билим берүү да сатылып жаткан коомдо андай окуу түшкө да кирбейт. Сөз удулу келгенде ушул жерден бир нерсени айтып коюу жөн: эгер А.Эркебаев ошондо политехникалык институтта окуп калганда, анда деле мыкты окумак, анда деле илимдин бийик чокусун багындырмак. Мындай ойду аны студент кезинен бери билип, анын ичинде бир нече жыл ал республикадагы эң жогорку мамлекеттик жетекчи кызматтардын бири болгон эки палаталуу парламенттин экөөндө тең төрагалык кызматта иштеген жылдары анын жардамчысы, кийин соңунда кеңешчиси болуп иштеп, жакындан билгендигимден улам ишенимдүү айта алам. 

Абдыганы Эркебаев өзүнүн бир китебинде жазгандай, “сындоочу сындалуучудан өйдө турбаса анын сынчылыгы кайсы?” деген суроону тике коюп, албетте, эң алды менен өзүнө карата, студент кезинен тартып кыргыз адабий сын жанрында дүбүрт салып чыкты. Ал университеттен алган билимин китепканадан чыкпай талбай иштеп, тереңдетип жүрүп отурду. Анын натыйжасы көп күттүргөн жок. Университеттин экинчи курсунда окуп жүргөндө жазган “Очеркист чалгындан кайтканда” аттуу макаласын жарыялап, өзүнүн окутуучуларынын, калемдештеринин ортосуна сын маселеси боюнча олуттуу ой таштаган. Андан соң анын “Азыркы аңгеме жөнүндө сөз”, “Повесть жанрынын кээ бир маселелери”, көп өтпөй өз учурунда адабият-маданият салаасында бөтөнчө абройлуу, кыргыз басма сөзүндө бир эле адабиятчылардын эмес, жалпы окурман журттун (ал эми ал убакта басма сөздү көп окуу бир эле шаардыктарда эмес, айыл калкында да кеңири тараган) арасында өзгөчө күтүлгөн “Ала-Тоо” журналына “Кыргыз романдарынын контрасттары” деген сын макалалары жарыяланды. Ошондон тартып аны айрым окумуштуу сынчылар кабалтең кабыл алып, өздөрүнүн жаш коллегасынын салмактуу, илимий жактан кынтыксыз негизделген көз караштарына сыймыктанып, кеп-кеңештерин айтса, айрымдары “бул тоодон түшкөн кара бала эмне балакетти баштап жатат?” деп өз авторитеттери үчүн күйпөлөктөп, түз эле “бул ким эле?” дегендей сыртын салып, орою келсе одоно ойлорун айткандар болду. Ошондой кайчылаш кырдаалда “кыргыз адабий сынында бир тай күлүк чыгып келаткан экен, эми аны ашыра мактап зоруктуруп, же эмитен башка чаап жалкытып албайлы” деп калыс сөзүн айткандар да болгондугун адилеттик үчүн айтып коюу жөн.

Өзү жазгандай, ал кезде А.Эркебаев адабий чыгармачыл ишмердүүлүктү өзүнө кесип катары биротоло тандап, билимин тереңдетүү үчүн Москвага барып көңүлү сүйгөн ишке баш-оту менен кирди. Ошол жылдары анын макалалары Бишкекте да, Москвада да байма-бай жарыяланып турду.

Албетте, Абдыганы Эркебаевдин өмүр жолунда анын Москвада, илим менен маданияттын чыныгы борборунда, дүйнөдөгү ажайып шаарлардын биринде өткөргөн беш жылы (алгач СССР илимдер академиясынын А.М.Горький атындагы бүткүл дүйнөлүк адабият институтунда стажер-изилдөөчү, андан соң анын аспиранты) өзгөчө орунда турат. Бул беш жылдык А.Эркебаев үчүн бардык тарабынан жогорулоонун, чымырканган чыгармачыл чыйралуунун жылдары болду десем жаңылышпайм. Дал ушул жылдары ал илимий изилдөө ишинин темасына ылайык профессионал жазма адабиятыбыздын алгачкы калыптануу жылдары, ал мезгилдеги тунгуч калемгерлер, алардын чыгармачылыктары жана ары татаал, ары кайгы-касиреттүү тагдырлары жөнүндө архивдик материалдардын негизинде өзүнө чейинки изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгүнүн жазганынан айырмаланып турган эмгегин жаратты. Көнүмүш алкакка сыйбаган, калыптанып калган чыйырга салбаган бардык жаңычыл эмгектер сыяктуу эле аспирант А.Эркебаевдин бул изилдөө иши да көнүмүш болгон оюнун туткунунан чыга албаган, өзүнөн башканын өйдө болушун көрө албаган, айрым кесиптеш агайларынын тоголок каттарынын чабуулуна да туш болгон. Деген менен “ак ийилет, бирок сынбайт” демекчи, А.Эркебаев өзү ар тараптуу изилдеген иштеринин жогорку денгээлин түшүргөн жок, тандаган жолунан тайбады.

Москвадан келген соң жаш окумуштуу бир аз убакыт В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда ага окутуучу (азыркы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети), андан соң бир аз убакыт ал кездеги абройлуу басылмалардын бири болгон “Кыргызстан маданияты” жумалыгында башкы редактордун орун басары болуп иштеди.

Баарына белгилүү, 1985-жылдын апрелинде мурдагы улуу держава СССРде башталган кайра куруу, айкындык, коомдук турмушту демократиялаштыруу процесстери өлкө турмушуна баштагыдан өзгөчө өзгөрүүлөрдү алып келди. Элдин өткөндөгү турмушуна, өлкөнүн басып өткөн тарыхына кылчайып кайрылуу менен ошол СССР деген улуу державанын басып өткөн жолунун ак-карасы, өйдө-төмөнү айтыла баштады. Өлкө турмушуна жаңыча дем берилгенсип, мамлекет өнүгүүнүн интенсивдүү жолуна түшкөндөй болду. Дал мына ушундай жаңылыкка бет буруунун учурунда А.Эркебаевдин Кыргыз ССР илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун директору болуп альтернативдүү атаандаш шайлоодо калган талапташтарды утуп чыгып шайланышы окумуштуунун өмүр жолундагы дагы бир ургаалдуу учур болду. Анан калса, бул мезгилде ал өзү да калк арасында чоң илимпоз-адабиятчы катары таанылып, “Азыркы учур жана кыргыз поэзиясы”, “Кыргыз прозасынын контрасттары”, “Сын жана сынчылар” деген китептердин автору жана Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаттыгына татыган таанымал окумуштуу болуп калган.

Бул жерде да А.Эркебаев өзүнө мүнөздүү адамгерчилик калыстыгы, кылдат илимпоздук туюму, нукура уюштуруучулук жөндөмү менен иш алып барып, тил жана адабият институтунун ишин бир топ жандардырды. Тагыраак айтканда, институттун кадр курамы жаш адистер менен толукталды, адилетсиз унутта калган илимий жана чыгармачыл мурастарды иликтеп-изилдөө жумушу жаңыча жолго коюлду, институттун кол жазмалар фонду жаңы табылгалар менен толукталып байыды.

Мен бул чакан макалада Абдыганы Эркебаевдин адабиятчылыгын талдайын деген ойдон алысмын. Тек гана азыркы кыргыз илиминин жана саясатынын локомотивдеринин бирине айланган Эркебаевдин чоң жолунун башталышына бир-эки штрихтер менен токтолуп өтүүнү эп көрдүм.

Ушул жерден бир чындыкты айта кетүүм абзел: мен үчүн ал жөнүндө жазуу бир чети оңой, себеби аны жетишерлик даражада жакындан жакшы билем. Экинчи чети кыйын, себеби ал бийик билим деңгээли, көп кырдуу терең көз карашы бар, ички дүйнөсүн бирде түшүнсөң, бирде түшүнбөгөн татаал инсан. Ошол себептен эч бир архивдик документтерге кайрылбай, ал жөнүндө билгендеримдин айрымдарын гана айтып жатам.

Ал эми 1990-жылы №250 Чоң-Алай шайлоо округунан он экинчи чакырылган Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине депутат болуп шайлангандан баштап А.Эркебаевдин өмүр тагдыры жаңы нукка түштү. Ошондон берки он жылдан ашуун мезгил ичинде ал басма сөз министри, өкмөттө вице-премьер-министр, Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы, кайрадан эл депутаты, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын, андан соң Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы сыяктуу жооптуу кызматтарды аркалап, Кыргызстанда демократиялык баалуулуктардын орун-очок алышына зор эмгек сиңирген абройлуу атуулдардын бири болуп калды.

Кыргыз парламентаризминин тарыхында ага чейин да, андан кийин да болуп көрбөгөн бир тарыхый жагдайды айтпай коюуга болбойт. Жогоруда айтылгандай, А.Эркебаев эки палаталуу Жогорку Кеңештин экөөндө тең төрага болуп шайланган. Ал спикерлик кызматта жалпы жонунан сегиз жылдан ашуун иштеди. Анын ичинде Эл өкүлдөр жыйынында үч жылдан ашуун, Мыйзам чыгаруу жыйынында толук беш жыл. Ал Мыйзам чыгаруу жыйынына спикер болуп шайланганда Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы шайлана элек болчу. Ошондон улам А.Эркебаев 17 күн эки палатанын тең документтерине төрага катары кол коюп турду. Мыйзам чыгаруу жыйынын төрагасын шайлагандан 17 күндөн кийин Эл өкүлдөр жыйынына А.Бөрүбаев төрага болуп шайланган.

Макаланын башталышында айтылгандай, А.Эркебаевди студент курагынан билип калдым. Мен тарых факультетинде окуп, жакшы окуган студент жана комсомол уюмунун курстук бюросунун секретары катары университеттин коомдук иштерине катышып турар элем. А.Эркебаевдин ысымы эң алды менен Лениндик стипендиант катары студенттер арасында белгилүү эле. Жакындан тааныштыгыбыз – ал илимдер академиясынын тил жана адабият институтуна атаандаштык шайлоодон утуп, директор болуп иштеп калгандан башталды. Агезде ал адабият таанууда, адабий сында башы көрүнүп, тиш кагып калган кези экен. Мен академиянын философия жана укук институтунда сектор башчы болуп иштечүмүн. Эсимде, ошол жылдары ал да, мен да командировкага Ошко бир самолетто учуп барганбыз. Ошондон тарта мамилебиз дагы жакындашып кетти. Кийин ал улам бир жогорку мамлекеттик кызматтарга көтөрүлүп иштеп жүрдү. Ош облусун жетектеп турганда улуттук илимдер академиясынын академиктигине шайланды. Бул албетте, А.Эркебаевдин достору үчүн чоң кубаныч болду. Мен болсо 1995-жылдын июль айына чейин ошол эле академиянын философия институтунда кенже илимий кызматкерден тартып, кийин соңунда бөлүм башчы, институттун окумуштуу катчысы, институттун директорунун орун басары кызматтарын аркалап иштедим. 1995-жылдын июль айынын баш ченинде Акүйгө жумуштап барып, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Р.Ачылова эжекеме учурап калдым. Ал киши мен университетти бүтүп жатканда дипломдук ишиме улут маселеси боюнча тема берип, жетекчи болгон. Ошондон улам ал киши менен мамилебиз жакын туугандардай эле. Рахат Ачыловна адаттагы шар мүнөзү менен мени өзү жетектеген билим берүү, илим, маданият, спорт комитетинин алдындагы бөлүмдү жетектөөгө чакырды. Ойлонгонго да чоло бербей маселени ошол эле күнү чечти. Тез эле мени ал убактагы Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы М.Чолпонбаевге алып кирип, бир аз маектешкен соң буйрукка кол койдуруп чыкты. Ошондон тартып Мыйзам чыгаруу жыйынынын аппаратында иштеп калдым. Абдыганы Эркебаевич ошондо “сенин мамлекеттик кызматка иштериңди билгенде мурда эле чакырбайт белем, Мухтар акеден сен тууралуу бир сураганымда “ал илимде эле иштей берет” деп айтканынан, мен сени чакырган жок элем” деп таңгалганын билдирди. А.Эркебаев ал убакта Эл өкүлдөр жыйынында социалдык комитеттин төрагасы болуп иштечү. 

Ошентип, Абдыганы Эркебаев дасыккан депутат, комитеттин башчысы, мен болсо жогорку бийликтин аппаратында алгач ирет иштеп баштадым. Бир жылдан ашуун иштеп калганда вице-премьер-министр Ж.Жангарачева өкмөттүн аппаратына чакырып, ал жакта иштеп жүргөнүмдө А.Эркебаев өзү жетектеген комитеттин алдындагы бөлүмгө иштөөмдү сунуштаганда ойлонбой туруп макул болдум. Ал убакта аталган бөлүмдү кыргыздын мыктыларынын бири М.Абдивасиев жетектеп турган. Бул 1996-жылдын аяк жагы эле. Ошондон тартып А.Эркебаевдин кол алдында иштеп калдым. Мамилебиз мурдагыдан да бекемделип, бири-бирибизге ишенимибиз артты.

1997-жылдын ноябрь айынын аяк ченинде А.Эркебаев Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы болуп шайланды. Мен мурдагы эле кызматымда иштеп жүрдүм. Абдыганы Эркебаевич кез-кез өзүнө чакырып, ишим кандай экендигин сурап жүрдү. 1998-жылы июль айында кабинетине чакырып, өзүнө жардамчылык кызматты “жанымда ишенимдүү киши болуу керек экен” деп сунуштаганда макул болдум. Эми А.Эркебаевди дагы жакындан биле баштадым. Ал улууга да, кичүүгө да тегиз караган адамгерчилиги, кандай иш болсо да так, таамай көзү жеткендиги, убада менен убакытка тактыгы менен азыр да айырмаланып турат. Ошол касиеттеринен жогорку мамлекеттик кызматта иштеп жүргөндө да бир тайыган жок. Анан дагы бир өзгөчө касиет – А.Эркебаевдин ашкере билимдүүлүгү. Өз билимин тереңдетүүнү ал киши бүгүн да талыкпай улантып келет. Жардамчы катары төраганы республиканын ичинде, же чет өлкөлөрдө болобу, командировкаларда коштоп жүрдүм. Айрыкча Москвага барганда илимдин түрдүү тармактары боюнча, айрыкча саясат, экономика, философия, психология боюнча китептерди көп ала турган. Алган китептерин бирин да калтырбай окуп чыккан адаты дагы деле калган жок. Алган билимин практикада колдонуу боюнча А.Эркебаев алдына адам салбайт деп ойлойм. Анын бир белгиси – Абдыганы Эркебаевичтин өзүнүн адабият таануу, саясат, илим, экономикага тийешелүү жазган ондогон китептери. Алар дайыма окурманга жеткиликтүү стилде да, деңгээлде да жазылгандыгы менен айырмаланып да, бааланып да турат. Китеп алуу үчүн Алматыга атайын барган учур да болгон. 

Абдыганы Эркебаев өзүнүн саясый ишмердигинде көптү билгендиги менен дайыма айырмаланып келет. Ошондон улам болуу керек, эл аралык саясат боюнча да так, таамай айтылган ойлору менен белгилүү. Мисалы, 1999-жылы Эл аралык парламенттик союздун 110 жылдыгына карата 136 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан 100-юбилейлик сессиясында ошол убактагы Афганистандагы кризистик абалдан чыгуу боюнча сүйлөгөн сөзү катышуучулардын арасында жандуу резонанс жаратып, кызуу колдоого ээ болгон. 

2000-жылы А.Эркебаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасына официалдуу визит менен барды. Анда да Думада Кыргызстан менен Россиянын, жалпысынан шериктеш өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөзү депутаттардын кызуу колдоосун таап, ал эмес маркум В.Ф.Жириновский залдан туруп, Думада мындай мазмундуу докладдар аз болорун айткан репликасы, Думанын төрагасы Г.Н.Селезневдун өзүнүн жооп сөзүндө А.Эркебаевди өзгөчө харизмалуу, мыкты интеллектуал саясатчы катары баалагандыгын айтпай коюуга болбойт. Ошондо Г.Н.Селезневдун А.Эркебаевге карата өзгөчө бир сый мамилеси катары Кыргыз делегациясын Москванын “Серебряный бор” деп аталган кооз жериндеги Думанын бараандуу резиденциясына жайгаштыргандыгын айтып коюу жөн. Негизи Г.Н.Селезневдун болобу, же Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрагасы Е.С.Строевдин болобу, шериктеш өлкөлөрдүн парламенттеринин спикерлеринин Москвада өткөн жыйындарында А.Эркебаевге болгон урматтоосу дайыма байкалып турчу. Ал эми жыйын аяктаганда экөөнүн кимиси болсо да А.Эркебаев менен дагы кошумча маектешер эле.

Харизма демекчи, 1999-жылы А.Эркебаев Венгрияга официалдуу визит менен барып, биринчи кезекте парламенттин депутаттары менен жолугуп, Венгриянын Улуттук жыйынынын (парламентинин) спикери Янош Адер менен официалдуу сүйлөшүүлөр протоколдук тартипте өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө спикер Адер жанына бирөөнү чакырып сүйлөшкөндөй болду. Сүйлөшүүлөр аяктап, бардык протоколдук зарыл иш-чаралар бүткөн соң, Венгер парламентинин жетекчиси А.Эркебаевдин официалдуу сөзүнөн кийин официалдуу эмес кырдаалда аны менен аңгемелешүүсүн дагы улантуу үчүн өз орун басарын чакырып, ал сессияны жүргүзө берүүсүн өтүнгөндүгүн айтты. Натыйжада спикер өзү гид болуп, Венгер парламентинин имараты тууралуу жай аңгеме салып, имарат дүйнөдөгү парламенттик имараттардын эң мыктыларынын бири экендигин да сыймыктануу менен айта кетти. Эки спикердин маеги ошол күнү кечке созулуп, кечки официалдуу кабыл алуудан кийин гана аяктаган. Көрсө, А.Эркебаевдин интеллектуалдык дарамет күчүн айныбай аңдаган коллегасы өзүнүн зарыл кызматтык жумуштарын калтырып, узак маектешүүгө убакыт тапкан экен.

Ошол эле официалдуу иш сапардын алкагында протоколдук тартип боюнча Венгриянын президенти философ Арпад Гёнц менен болгон жолугушуу да жылуу маанайда өтүп, эки интеллектуалдын кызыктуу сүйлөшүүлөрүнө күбө болгонбуз. Айта кетүүчү бир жагдай – Кыргызстанга, анын парламентинин бир палатасынын спикери, академик Абдыганы Эркебаевге болгон урматынын белгиси катары президент Гёнц кыргыз парламентинин делегациясын президенттик резиденцияга жайгаштырып, өзүнүн жеке котормочусуна делегациянын визиттик миссиясы аяктаганга чейин котормочулук милдетин дайындаган.

2000-жылдын февраль айында А.Эркебаев Казакстандын парламентинин бир палатасы болгон Мажилиске официалдуу визит менен барды. Албетте, Жогорку Кеңештин жоон топ депутаттарынын коштоосу менен. Парламенттер аралык сүйлөшүүлөр протоколго ылайык тийешелүү дегээлде өтүп, эки төрага Абдыганы Эркебаев менен Жармахан Туякбайдын жеке форматтагы сүйлөшүүлөрү да ийгиликтүү болду. Эртеси Казакстан Республикасынын президенти Н.Назарбаев А.Эркебаев жетектеген кыргыз депутаттарынын делегациясын кабыл алды. Сүйлөшүүлөр жылуу маанайда жүрүп, президент Н.Назарбаев А.Эркебаевге карата өзүнүн жакшы пикирде экенин билдирип, аяк жагында биздин төрагадан “Боровойду көрдүң беле?” деп сурап калды. А.Эркебаев ал жерди буга чейин көрө электигин айтканда, Назарбаев “барып көрүп кел” деп сунуштап эле, казак спикери Ж.Туякбайга эртелеп барып, президенттин резиденциясында кыргыз депутаттарын күтүүнү тапшырды. Ал эми А.Эркебаев президенттин кабыл алуусунан кийин Казакстандын ал убактагы өкмөт башчысы К.Токаев менен жолугушуу өткөрдү. Өкмөт башчы ачык-айрым, ишбилги интеллектуал инсан катары А.Эркебаев менен эски тааныштай калыпта аңгеме өткөрүп, жаңы чыккан китебин сыйга тартуулады. Бул да билим деңгээлдери жогору эки саясый ишмерлердин кызыктуу маеги болгон. Түш оой февралдын кычыраган кышында кыргыз депутаттарынын делегациясы казак коллегалары менен чогуу Астанадан алыскы Боровойго жөнөп, түн кире жеткенбиз. Эртеси Көкчө тоонун калың кар баскан токойлуу жергесинде өз доорунда кадимки Абылай хандын ордосу жайгашкан чокуну көрүп кайтканбыз.

Абдыганы Эркебаев тууралуу сөз болгондо үй-бүлөсүн да айта кетпесек болбойт. Себеби, ар бир үй-бүлөнүн кайталангыс касиеттери бар. Анын үй-бүлөсүндөгү бир көрүнүш – Абдыганы Эркебаевичтин үй тиричиликке көп кийлигише бербегендиги. Ал кишинин жубайы Бурул Таласбаевна үй оокат жагын бүтүн өз колуна алган. А.Эркебаевдин убакытты ашкере баалаганына көзү жеткен жубайы ал кишини үй иштерине алаксытканды эп көрбөйт. Ал үйүндө чыгармачылык менен гана алек. Жогоруда анын китепти көп окуй тургандыгын айтканбыз. Ал үйүндө китеп окуп же китеп жазып убакыт өткөрөт. Ошондон улам анын мейли саясатка, мейли илимге арналган китептери болобу, байма-бай жарыяланып турат. Ал эми Бурул Таласбаевна болсо Абдыганы Эркебаевичтин жубайы гана эмес акылман соратниги катары кабагым-кашым дебей дайыма жанында, качан да болсо меймандос, дасторкону дайыма жайылуу.

Эркебаевдердин эки уул, бир кызы, биринен бири өтүп чоңоюп келе жаткан неберелери бар. Балдары да Абдыганы Эркебаевдин кыялын тартып оор басырык, сабырдуу болуп чоңоюшту. Алар азыр ата-энесинин биринчи таянган кеңешчилери.

Жогоруда айткандай, Абдыганы Эркебаев тууралуу көптөгөн жакшы ойлорду айтууга болот. Бир нерсе талашсыз – ал кишинин “өзүңдү эмес, өлкөнү ойло” деген ураан алдында өткөрүп келе жаткан өмүр жолу дайыма өрнөктүү.


Өскөнбай Козубаев, философия илимдеринин доктору, профессор, мамлекеттик кызматтын биринчи класстагы кеңешчиси 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер