Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Темир Сариев, коомдук ишмер: "Саясаттын курчуп баратканына көп факторлор бар...

Темир Сариев, коомдук ишмер: "Саясаттын курчуп баратканына көп факторлор бар...

01-февраль, 14:32
1 823 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Темир мырза, өлкөдөгү саясый абал тууралуу маекти баштап, ушу боюнча оюңузду уксак?

-- Коомубуздагы саясый абал туруктуу эмес. Кандайдыр бир ажырымды байкайбыз. Ал ажырым бүгүн эле чыга калган жок. Акаев кеткенде “акаевчил”, Бакиев кеткенде “бакиевчил” дешип, бийлик, коомчулук ал адамдардын ак-карасын ажыратпай, эмгектерине тереңден баа бербей туруп куугунтукка алып, кодулаган учурлар азыркыга чейин жаман көрүнүш катары келатат. Азыр “атамбаевчи” деп бөлүнүп атабыз. Бул боюнча президенттик шайлоого барганда “мен президент болуп калсам, ушул бөлүнүүнү токтотом” деп айткам. Ар бир иштеген адам “мамлекетке, элиме кызмат кылайын” деп ак ниети менен эле барат. Албетте, ичинен кээ бирөө чыгат, жаман ойлору, жеке өзүнүн кызыкчылыгын арттыруу, аны ишке ашыруу үчүн. Андайлар аз санда. 

Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин 2018-жылы 31-август күнү мурунку кызматтагы адамдарды, маданият, адабият өкүлдөрүн, коомдук ишмерлерди чогултуп, ажырымды токтотуу аракетин кылды. Бирок, кандайдыр үстүртөн болуп калгансыды. Элдин башын бириктирип, бир идеяны көтөрүп чыгуу болбой жатат. Азыркы күндө деле ажырым кетип баратат. Эртең Жээнбеков да кетет. Анан “жээнбековчулар” деп башталбаш керек. Тарыхтан сабак алып, алакандай элди бириктирүү идеясы үстүндө иштешибиз абзел. Түндүк-түштүк маселени таштап, бир чоң улут экенибизди билүүбүз кажет. Биз эч качан кокту-колот менен алдыга чыга албайбыз. Атаандаштык күч алып турган кезде Борбор Азия чөлкөмүндө күчтүү, кубаттуу, баардык жагынан теңтайлаша ала турган мамлекет болушубуз керек. Жүрөгүмдү оорутуп, бушайман кылган – мамлекеттик бийликтин калың эл арасында аброюнун түшүп баратканы болууда. “Жамандын төшөгү жыйылбайт” дегендей, биз андан ары шейшепке чейин кирип, жалаяктай жайып салдык. Атаандаштар менен күрөшөбүз деп, болгон дасмиябызды ашкереледик. Бул бүгүнкү бийликти күчтөндүргөнгө апкелбейт. Чынын айтсам, элибиз эмес, бийликте отургандар кимиси ак, кимиси кара экенин билбей калышты. Калың эл кимге ишенерин билбей, маң болуп турат. Бийликтин вертикалы начар, өткөн коопсуздук кеңешинин отуруму ушунун далили. Мамлекеттик чиновниктер чечим кабыл алуудан коркуп, тайсалдашат. 

-- Экономикалык жагдайыбыз кандай болуп атат? 

-- Экономикадагы көрүнүштөрдү кылдат карап атам. Баарын эле жаман деп айтканга болбойт. Кандайдыр иштер болуп атат. Бирок, биз алдыга болгон өзгөрүүлөр тезирээк болсо дейбиз. Азыркы болуп аткан иштер мурун башталып, же кээ бирөө узарып кетти, бүтпөй, же уланып аткан иштер. Жаңы долбоорлор жокко эсе. Элибиз ишеним, анан үмүт менен жашайт. Биз элге бийликти күчтөп, бийликтин кубаттуулугун көргөзүп, элдин ишеминин арттырып, “алдыда улуу максаттар, ири долбоорлор турат. Биз ошолорду кылабыз” деп үмүт беришибиз керек. 

Азыркы айтылып аткан санариптештирүү маселеси 2014-жылы эле башталган. 2015-жылы өкмөттө турганымда “Электрондук өкмөт” деп атайын үч этаптан турган концепциясын кабыл алганбыз. Ошол иштердин уланып атканы жакшы көрүнүш, муну тездетиш керек. Бажы биримдигине кирип атканда онлайн режимин ишке ашырууга кол коюлуп, акчасы чечилип, орустар 200 миллион доллар бөлүп берген. 2016-жылы башталып, 2017-жылдын аягында киргизип коюшубуз керек болчу. Мөөнөтү узарганга карабай эми гана кирип атат. Бажы тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн тегерегинде чоң  сөздөр болуп атпайбы. Эгер санариптик онлайн режимине өткөндө, мындай нерселер кескин азаймак. Бул дагы кечигип калды. Убагында “Акылдуу мектеп” программасын иштеп чыкканбыз. 2017-жылдын аягы менен бүт Кыргызстандагы 2400гө жакын мектептерге интернет кирмек. Кесиптик-техникалык окуу жайлардагы ар бир бүтүрүүчү бирден кесиптин ээси болуп чыксын деген милдеттерибиз бар эле. Кандайдыр бир жери аткарылып аткансыйт, кандайдыр бир жери тыгылып, узарып кетип атат. Айтайын дегеним, бүгүнкү күндө бизге чоң улуттук долбоорлор керек. Өнүгүү багытында артта калып атабыз. Атаандаштык аябай күчөп атат. Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда болуп аткан экономикалык өзгөрүүлөр, өсүштөр бизди уктатпаш керек. Ушул чөлкөмдө алдыга өзүбүздү өзүбүз сүрүп чыгуу жагын чукул арада карообуз абзел.

-- “Улуу долбоор” деп кеттиңиз, алар кайсылар?

-- Улуу долбоорлордон убагында мен баштаган “Ысык-Көл шакекчеси”, анын ичинде Балыкчы–Корумду жолу чечилди эле. “Кредити жок, ички ресурстарды аккумуляция кылып, кошумча кирешелерди таап салабыз” деп баштаганбыз. Эң арзан салынып аткан: 1 километри 749 миң доллар турат. Жакында Сауд Арабия фонду кредит берип атат, “Корумдудан Каракол шаарына чейинки 84 километр жолду 126 млн. долларга салабыз” деп. Бир чакырым жол 1 млн. 500 миң доллар болуп атат. Ошентсе да биз бу шакекче жолду бүтүрүшүбүз керек, бул жагынан да кечигип атабыз. Ал жерди бүтүрүп койсок, Казакстандан Кегенге чейин жол даяр. Караколго бу жагынан айланып келген жол 650 км., а тиги жагынан 350 км. Туристтик потенциалыбызга, жер-жемиштерди ташыганга жеңилдик болмок. Экинчи улуу долбоор – Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу. Бу жерде баарыбыз президентке, өкмөткө жардам берсек, абдан жакшы болмок. Жол салынып калса, транзиттик  мамлекетке айланып, деңизге чыга турган эң кыска жол пайда болуп калмак. Бир четинен Кытай аркылуу Азияга, экинчиден, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстандан Иранга барып, Перси булуңуна, андан ары Түркия менен Европага деңиз аркылуу барганга жол ачылмак. Адистердин баамында, жол салынып калса жылына  бир миллиард долларга чейин транзиттик кызмат көрсөтүүдөн мамлекет пайда көрө баштайт эле. Миңдеген жумушчу орундар пайда болот. Дүйнөдө азыр электр энергиясын керектөө жагы абдан актуалдуу болуп турган кези. Завод-фабрика салабыз, жаңы технологияны апкелебиз десек, баардыгы тең электр энергиясынан көз каранды. А биз ГЭСтерди салбай жатабыз. Анын эки жолу бар: бири – түз, тике инвестор тартып салуу, экинчиси – мамлекет өзү салуу, көлөмдүү кредит алып, мамлекеттин кепилдиги менен салышыбыз керек, анда тобокелчиликке чыдашыбыз кажет. Мына, Бишкек шаары өсүп атат. Акыркы ЖЭБдин реконструкциясы менен жылуулуктар жетет. Бирок, ушул темп менен өсө турган болсок, 4-5 жылдан кийин кайрадан проблема чыгат. Ошон үчүн ЖЭБдин экинчи реконструкция этабы башталуусу абзел. Биринчи этабынын чырылдап баш-аягына чыкпай турабыз. Экинчи этабына ким ишенип келет? Эң негизгиси, экономикага мамлекеттин кепилдиги жок, сырткы инвесторлордун өздөрүнүн тобокелчилигине салып акча апкелген тике инвестиция тартуу аябай азайды. 2015-жылы 1,6 млрд. долларга чыкканбыз. 2019-жылдын  9 айыныкын билем, 530 млн. доллар келди. Жылдын аягына чейин дагы 200 млн. келсе, 700 млн. болуп калат. 2015-жылга караганда эки эсеге аз болуп атат. Тике инвестиция келбесе, өнүгүп-өсүү, атаандаштык болбойт. Жаңы технологиялар, жаңы менеджмент, жаңы башкаруу системасы кирбейт. Тике инвестициянын көлөмүнүн ылдый түшүп кетиши – бул биз атаандаштыктан артта калып баратабыз деген сөз. Президенттин чырылдап, коопсуздук кеңешинде айтканы буга далил. 

-- Анда бизге эмне керек?

-- Экономикалык чоң секирик керек. Азыр бир чоң ишти кылам десе эле өзүмбилемдик көбөйүп кетти. Өкмөт көп иштерди коомчулукка түшүндүрө албай атат. Уран, Солтон-Сары ж.б. маселелерди “көчө” чечип калды. Азыр Ат-Башыдагы логистика-индустриялык борбор маселеси чыгып атат. Эл каңырыш угуп алып, “жерди берип, сатып салыптыр, эми кытай каптап кетет экен” деп чочуп жатат. Андай болбойт. Биринчиден, ал биздин жер. Экинчиден, Нарын – эркин  экономикалык аймак. Анын өзүнүн мыйзамы бар. Келген инвестор мамлекетке салыгын төлөп, товар өндүрүп, аларды сатып, андан да салык төлөп, жумушчу орундарды түзүп, мамлекетке, анан өзүнө киреше табат. Жолдор салынат, завод-фабрика курулуп, инфраструктура пайда болот. Чоң-чоң кампалар салынат. 10 миңдей жумушчу орун түзүлөт. Мындай нерсени тескерисинче кол чаап, кубатташ керек. Жергиликтүү элди окутуп, адисчилик берүү жагын караса болот да. Нарын элинин баары эле кетмен чаап, мал бакпайт. Ар бир ата-эне “менин балам жогорку билим алып, адис болуп чыкса экен, инженер, технолог, экономист, бир жерди барып башкарсын, IT технологиясын өздөштүрсүн, программист болсун” деп үмүт артат. Эми ушу жерден өкмөт барып, баардыгын эл менен сүйлөшүп, өзгөчө жергиликтүү элге он жолу болсо он жолу түшүндүрүп берүү кыйынбы? Албетте, карапайым элди күнөөлөгөнгө болбойт. Аларга болгонун болгондой айтып, түшүндүрсө Нарын эли   деле эпке келип, облус да өзүн багып,  мамлекеттик дотациядан чыгат эле.

-- Быйыл парламенттик шайлоо келатат, кылчайнашуу жакындагансыйт...

-- Быйыл эң орчундуулардын бири – парламенттик шайлоо. Саясаттын курчуп атканы да шайлоого байланыштуу. Эл саясатташат, өйдө-ылдый убадалар берилет. Кайым айтышуу, сын пикирлер көбөйөт. Саясат эмнеге курчуйт? Буга бир нече факторлор бар. Биринчиден, Кой-Ташта болгон окуя Кыргызстандын жакынкы тарыхына так калтырды. Кагылышуу болуп, элдер сабалды, бир кызматкер адам окко учту. Жакында соту башталат. Күбөлөр суралат, айыптоочулар болот. Коомдо нааразычылыктар жаралат, ансыз болбойт. Экинчиден, Садыр Жапаровдун туруктуу жактоочулары “бошотуш керек” деген талабы менен чыгып атат. Үчүнчүдөн, соцтармакта отурган жаштар коомдогу коррупциялык, экологиялык, мыйзам бузууларды, сот системасындагы терс жагдайды, реформа болбой кашаңдап аткан маселелерди, укук коргоо органдарындагы жат көрүнүштөрдү алып чыгып атышат. Булардын баары биригип шайлоого таасир этип, саясый кырдаалды күчөтөт. 2020-жылды саясый күрөштүн, тирешүүнүн жылы деп айтабыз. Анысы ал, шайлоо бүткөндөгү жыйынтыгы да нааразычылыктарды жаратат. Шайлоо ачык, таза, тез, мыйзам чегинде болсо болсо бир жөн. Эгерде бийлик кандайдыр бир партияны сүрөп чыгарам, өткөзөм деп административдик күчтөрдү колдонуп, мыйзам бузуулар байкалса, оппозиция чыгып, саясый атаандаш көз карашта жүргөн саясатчыларга кысым көрсөтүп, буларды четтетебиз десе, анда чоң саясый тобокелчиликке жол ачып коёт. Мына, азыр көрүп атасыңар, “шайлоого бийликтин жаңы партиясы чыгат экен” деп жатышат. Аты жок партияны апкелип “ушул утуп келди” десе, же анын тарыхы, программасы, идеологиясы, лидери, басып өткөн жолу болбосо, мындайга элдин ишеними кетет да. Өкүртүп убадаларды берип, элди алдап, азгырып келип алган партиялар азыр эмне болуп атат? Эки-үч-бешке бөлүнүп, ич ара бирин-бири жекирип атышат. Анткени партиянын идеологиясы жок, программасы болбогон. Алар бир принцип үчүн күрөшкөн эмес. Ошол эле КСДПны алып көрсөңөр, 2015-жылы ар кыл саясатчылар мурунку партияларын таштап, ушул жакка киришкен. Эми ошолор “башка партияга кетебиз” деп атышат. Андай миасалдар көп, “Кыргызстан”, “Республика – Ата Журт” партиясында бар. Мындайды элибиз түшүнүп, тандоо капчык менен эмес, акыл менен болуш керек экенин билүүсү шарт. 

-- “Ак шумкар” саясый партиясы парламенттик шайлоого барабы?

-- Албетте, “Ак шумкар” партиясы шайлоого даярдык көрө баштадык, барабыз. Анткени, баскан жолубуз, тарыхыбыз, атыбыз, туруктуу электоратыбыз, мүчөлөрү бар. Кыр ашып, суу кечип, кайгы-капасын, кубанычын тең бөлүшкөндөр. “Ак шумкардын” жаштар канаты бар. Азыр мобилизация кылып, ишти активдештирип атабыз. Экинчиден, ачыгын айтып коюшум керек, жаңы адамдарды тартып, башка да саясый күчтөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп аткан кезибиз. Турмуш өзү ушуга түртүп атканын моюндашыбыз керек. Баарыбыз “мен кыйын, мен баатыр” дебей, чогуу, алдыбызга койгон максатыбыз бир болсо, бирибизге-бирибиз көмөк көрсөтсөк, элге да тандоого жеңил болот. Баалуулуктарды түшүнгөн, көтөрө алган адамдар партиябызды толуктаса деген ниет бар. Бул жагынан сүйлөшүүлөр дагы жүрөт. 

-- Жеке позицияңызды билсек болобу?

-- Көп жылдан бери мамлекеттик кызматты аркалап, ЖКда депутат болуп жүрдүм. Куру сөз айтып, кандайдыр бир болбогон окуяларды болду деп айткым келбейт. Мен жөнүндө коомчулук баардыгын билет. Атадан алган тарбиямды, билимимди колдонуп, ак, таза иштеп берейин деп алдыга максат кылып койгом. Ушундан тайыган жокмун деп ойлойм. Кандай гана ишти баштабайын, башында турдум, эч качан качып кеткен жокмун, аягына чейин туруп аттым. Кылган ишибизден кыла турган ишибиз көп. Күч, кубат бар, акыл-эс жайында. Чечкиндүүлүк жок эмес. Партиялаштарыма, жактоочуларыма ар дайым “күнүмдүк кызыкчылыктар бар. Куру убада берип, калп сүйлөп кээ бир адамдардын көңүлүн алсаң болот. Мындай нерсе адамдын узак жашоосунда өзүнүн терс таасирин берет. Ал эми түбөлүк баалуулуктар: тазалык, чындык, ички ыйман, ички уят. Ал эртеби-кечпи өзүнүн жакшы натыйжасын бербей койбойт. Бул нерсени убактылуу кызыкчылыктарга алмаштырбаш керек” деп айтып келем. Мекенчил адаммын, ар бир нерсени сабырдуулук, сын көз менен карап, ачуу болсо да чындыкты айтып, кыска ойлордон алыс жүрөм...        


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ 

"Азия Ньюс" гезити




Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер