Миталип Тайировдун илимге болгон сергек мамилеси үзүрүн берүүдө
XXI кылымдын башталышында дүйнөлүк илим эң жогорку чектеринин бирине жетти. Бүгүнкү ачылыш эртең кадимки эле көрүнүшкө айланууда. Мына ушундай алга илгерилөөлөргө татыктуу салым кошуп жаткан илимпоз замандаштарыбыздын бири физика-математика илимдеринин доктору, профессор, бир канча сыйлыктардын ээси Миталип Муратович Тайиров Баткен дубанынын тоо койнундагы Кароол деген ажайып кооз айылында туулуп өсүп, эл-журт, мамлекет үчүн үлкөн жумуштарды аткарууда. Ал Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика жана математика факультетин мыкты аяктап, эмгек жолун ошол окуу жайда лаборанттыктан баштаган. Анан аста тепкичтерди басып өтүп, айрым замандаштарыбыз үчүн татаал болгон “Кристаллдардагы төмөнкү температурада радиациянын таасиринен дефекттердин пайда болушу” деген темада кандидаттык диссертациясын 1983-жылы Эстон ССРинин Тарту шаарындагы Илимдер академиясынын физика институтунда ийгиликтүү жактаган экен. Диссертациянын темасына саресеп салган адам анын эл чарбасы үчүн канчалык маанилүү экенин баамдай алат. Ал эми докторлук диссертациясын 2000-жылы ийгиликтүү коргой алган.
Кийинчерээк ал илимий иштер менен бирге коомдук жумуштарга, уюштуруучулук жагдайга берилип, мурда мектептин жатаканалары болгон Кызыл-Кыя шаарына кире бериштеги жетиштүү каралбай калган объектини акырындап жаңыртып, заманбап гуманитардык-педагогикалык институтту түзө алды. Кыргызстандын алыскы түштүк-батыш аймагы болгон бул тарапта илимпоз кадрлардын уясы түзүлүп, жалпысынан он беш миңге чукул жогорку билимдүү адистер даярдалып чыгарылды. Азыр бул илим ордосунда жети миңден ашуун жаштар түрдүү багыттарда илим алып жатышат.
Ушундай ийгиликтерден улам жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына, Баткен мамлекеттик университетинин 25 жылдыгына, запанбап окумуштуу Миталип Тайировдун 70 жылдык юбилейине карата “Санариптештирүү мезгилиндеги физика илиминин актуалдуу маселелери жана окутуунун технологиялары” деген темада эл аралык кызыктуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ага Кыргызстандагы бир топ жогорку окуу жайларынын аалымдары, юбилярдын устаттары менен шакирттери, ирегелеш Казакстан менен Өзбекстандан келишкен ардактуу коноктор, президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын кызматкерлери активдүү катышышты. Конференцияны БатМУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Айдар Гыязов алып барды.
Жашоодо жаны тынбаган, эмгекчил, карапайым, келечекти ойлогон, кыялы ажайып Миталип Муратович бир окуу китебинин, 63 илимий макалалардын автору, 6 атайын күбөлүктүн ээси. “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы”. Анын жетекчилиги менен эки окуучусу илимдин кандидаты диссертациясын жакташкан. Дагы бешөө жактоого чукулдап калышты. Эл аралык “Көз карандысыз аккредитация жана рейтинг агенттигинин” биринчи категориядагы эксперти. Азыр ал БатМУнун табият тануу жана жаңы технологиялар институтун жетектейт. Окумуштуу коомдук иштерди да алга жылдырып, киндик каны тамган Кароол айылында жана өрөөндөгү Достук кыштагында жаңы мектептин имараттарын куруунун демилгечиси болгон. Ата-бабасынан бери санжырачылардын, математиктердин династиясын улантып, залкар инсан Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” чыгармасындагы экологиялык көйгөйлөр, Фергана өрөөнүндө XIX кылымда жашап өтүшкөн таланттуу кыргыз акындарынын чыгармачылыгын, маданиятын, элдин каада-салтын, тоо текелердин жашоо циклы тууралуу абдан пайдалуу да, кызыктуу да макалаларды жарыялаган.
Конференцияда Миталип Муратовичке анын илимге кошкон эмгеги жогору бааланып, Ош мамлекеттик университетинин, Оштогу педагогикалык университеттин, Кыргыз-Өзбек университетинин окумуштуулар кеңешинин чечими менен бул атактуу окуу жайлардын ардактуу профессору деген наам зор салтанат менен ыйгарылды. Буюрса өлкөбүздөгү илимге болгон мындай сергек мамиле, аталык камкордук өз үзүрүн берсе керек.
"Азия Ньюс" гезити