Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Искендер КАДЫРКУЛОВ: “Түштүктө төрт айылга свет жеткен эмес, ал эми “Түндүкэлектр” ишканасында андай маселе жок”

Искендер КАДЫРКУЛОВ: “Түштүктө төрт айылга свет жеткен эмес, ал эми “Түндүкэлектр” ишканасында андай маселе жок”

18-ноябрь, 12:12
567 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Билинбей эле кыш келип калды. “Сабырдуу кыргыз бир кар жааганда отун алат” деген тамаша лакап бар. Электр жарыгы да биздин жашообуздун орчундуу бучкагы. Ансыз бир күн да толук кандуу жашоо мүмкүн эмес. “Свет өчөт экен, өчпөйт экен” деп күмөн санагандар арбын. “Түндүкэлектр” ишканасынын жетекчиси Искендер мырза менен ушул жаатта чакан маек курдук.

-- Искендер мырза, шаарда көп квартиралуу үйлөр жаандан кийинки козу карындай жайнап кетти. Аларды электр менен камсыз кылуу запастарын кайдан таап атасыздар?

-- Мурунку жылдары, акылдуу эсептегичти койгуча бул абал абдан көйгөйлүү болуп келген эле. “Светти эми кайдан алабыз?” деп. Эки-үч жылдан бери акылдуу эсептегичтерди, анын мүмкүнчүлүгү чектелген кубаттуулугуна жараша бул маселе жөнгө салынды. Борбор калаабыздын жеке сектордо жашаган ар бир үйгө 10 киловаттан гана жетиштүү экени эсептелип, мурун чеги жок колдонушчу, анысы аз келгенсип уурдашчу. Ушунун баары жөнгө салынгандан бери бизде резевдер пайда болду. Жайында 15 млн. кВт бир күнгө, ал эми час пикте 30 млн. кВт болуп турчу. Азыр акылдуу эсептегичти койгондон кийин бул сандар бир топ эле ылдыйлады. Анүстүнө 2014-жылдан баштап электрдин баасы кымбаттады. Бул да резервге өбөлгө түзүп, электр энергиясын колдонуулар 15 пайызга төмөндөндөдү. Мындан сырткары, ЖЭБ жаңы агрегатты ишке киргизип, бизде кошумча 250 мего шаарды камсыз кылууда жана кичи ГЭСтер кошулуп атат. Токтогул ГЭСи реконструкциядан өтүп баштады. Ал жерде да кошумча электр энергиясын берип баштайт. Камбар-Ата 2 да кошумчалайт. Ошентип, жакынкы 3-4 жыл ичинде электр энергиясында тартыштык жаралбайт.

-- Өчүрүүлөр болбойбу, ушуну да кошумчалай кетсеңиз?

-- Колдон келишинче аракет кылып атабыз. Жылына бир миллиард сомдой оңдоо иштерине жумшап, кыш мезгилинде авариялар болбосуна жумшап жатабыз.

-- Ар жыл сайын сиздердин кардарлар көбөйүп турат. Быйыл канча абонент кошулду, так саны барбы? Анан ушундай жагдайда абал кантип атат?

-- Так саны бар. Быйыл беш миң абонент кошулду. Жай мезгилинде кээ бир трансформаторлорду алмаштырып, кубаттулугун күчөтүш үчүн ошол аймактарда светти убактылуу өчүрүп туруу керек болду. Жумуш күнү бүтөрү менен кайра жандырып аттык. Себепсиз өчүрүү болгон жок. 

-- Быйыл февраль айында Таласта бир окуя болду. 37 жаштагы келин жана 15 жаштагы кыз көз жумган. 2500 сом үчүн светти кесип кеткен соң “балдарым үшүбөсүн” деп үйгө от жаккан энеси кызы менен каза тапты. Ушул боюнча сиздин оюңузду угалы?

-- Таластагы үй-бүлө электр жарыгына болгон 2480 сом карызын төлөбөгөнү үчүн “Түндүкэлектр” ишканасы тарабынан 8-февралда эсеп дүмүрчөгү келип, бир жума аралыгында төлөшү үчүн талап коюлган. 19-февралда ишкананын аймактагы адистери барып, карызды белгиленген убакытта төлөбөй койгондуктан электр жарыгын өчүрүп кетишкен. 2480 сомдун бир канча бөлүгү мурунку карыздары экен. Ошол күнү үй кожойкеси эки кыз, бир уулу үшүп калбасын деп үйдүн ичине чаканы алып кирип от жаккан. Жыйынтыгында, андан чыккан иске түн ичинде уктап жатып ууланып калышкан. Мага түшүнүксүз нерсе, чаканын ичине от жагып үйүнө киргизип койгону. Эми ал жерде биздин моралдык күнөө бар. 

-- Ушул кезге чейин электр жарыгы жетпеген айылдар барбы?

-- Түштүктө төрт айыл, Жалал-Абадда эки айыл, Ошто жана Нарында бирден айылдарга свет жеткен эмес. Ал эми “Түндүкэлектр” ишканасы электр жарыгы менен Талас, Чүй, Бишкекти камсыздайт, андай маселе, айылдар жок. 


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ   

 "Азия Ньюс" гезити 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер