Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлжигит Исаков: “Садыр Жапаровдун түрмөдөн чыккандан кийинки сөзү маанай түшүргөн...”

Гүлжигит Исаков: “Садыр Жапаровдун түрмөдөн чыккандан кийинки сөзү маанай түшүргөн...”

05-февраль, 13:44
1 352 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Садыр Жапаровдун Жетим-Тоо жана башка долбоорлордун иштетүүсүнө каршы пикир билдирип, социалдык тармактар аркылуу элди ойгонгула, кеч болуп кала электе деген өңдүү чакырыктарга үндөп атасыз. Жалпысынан андагы коркунучтуу жагдайларды түшүндүрүп берсеңиз?

-- Биринчиден, чакырык жасаган жокмун, элге кайрылуу жасап жатам. Анткени, бул долбоорлор Кыргызстандын ар бир жаранына тийешелүү жана жакынкы келечекте кесепеттерин тийгизбей койбойт. Тагыраак айтканда, “Катынды башынан, баланы жашынан” деп бекер айтылбаган сыңары, жаңы бийликти башынан көзөмөлдөө керек. Өтө кылдаттык менен байкап турбасак, кол коюлуп калгандан кийин эл аралык соттордо уталбай турган шарттарга кептелебиз.

Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети (ГКПЭН КР) менен ФФИ (Fortescue Future Industries Pty Ltd) ишканасынын ортосунда 2020-жылдын 7-декабрында кол коюлган протоколдун бир пунктунда “эгерде ФФИ сунуштаган долбоорлорду ишке ашырууда келишимдерде белгиленген мөөнөттөрдө компания тарабынан милдеттенмелер аткарылбаган учурларда же белгиленген милдеттенмелерди  аткаруу талаптарынан жазуу түрүндө аларды аткаруудан баш тартмайын, Кыргыз Республикасы эч кандай жеке, юридикалык жактарга же мамлекеттик органдарга ФФИ киришкен тиги же башка долбоорлорго кирүү (доступ) же пайдалануу (эксплуатациялоо) укуктарынын берилбешин камсыз кылат" деп турат. 

Көп өтпөй эле, КР президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Жеке менчикти коргооишкерлерди жана инвесторлорду колдоо тууралуу” жарлыгында ФФИ бизге таңуулаган шарттарга шайкеш пункттар киргизилген. Жарлыкты толук окуп чыккан окурмандарга баары түшүнүктүү болот.

-- Буга чейин Кумтөр кени боюнча Жапаровду колдоп келгениңиз белгилүү. Бирок, акыркы кезде ага карай таптакыр эле каршы турганыңызды кандайча түшүнөбүз?..

-- Садыр Жапаровду улуттук байлыгыбыз болгон Кумтөр темасын көтөрүп чыкканы үчүн колдоп келгенбиз. Кумтөрдөн уурдалган алтындарды жана башка металлдарды бийликке келгенде ордуна койдурам. Кумтөрдөгү акыйкатсыздыкты токтотом деген сыяктуу убадаларына ынанганбыз. Абактан чыккандан кийин Кумтөрдө алтын запасы калбай калды деген сөзү көпчүлүктүн маанайын түшүргөндөй эле биздикин дагы түшүрдү.

Кумтөр расмий түрдө ушул күнгө чейин болжол менен 409 тоннанын тегерегинде алтын казып чыгарыптыр. Запаста 953 тонна алтын бар экени союзу учурундагы чалгындоолор менен тастыкталса, башка булактарда 1000 тоннадан ашык запасы болгону белгиленип келет. Ортодо 500дөн ашык тонна алтынды “жок” деп айта албайбыз, Кудай турат!  

Сарычат–Эрташ коругунун эсебинен дагы 16 миң гектар жер бөлүнүп берилди. Эч нерсе калбай калса, анда мындан ары эмнени казып чыгарышат? 

Башкалардыкы өзгөрсө да, Кумтөр боюнча менин позициям эч өзгөргөн жок. Убадалардын аткарылышына кызыкдармын. Жеке позициям улуттук кызыкчылыктын тарабында болот. Ток этери ушул. Башка эч кандай каршылыгым жок. “Элдин байлыгы элге кызмат кылсын” деген эле жөнөкөй жарандык позициядамын. 

-- “Кытайдын карызынан кутулбасак, мамлекеттик деңгээлдеги объектилерден кол жууп калабыз” деген дагы кептер жүрө баштады. Карыздан кутулуунунун кен казуудан башка жолдору барбы? Болсо алар кайсылар?

-- ФФИ менен болгон келишимди тездетүү үчүн, ошондой эле коомду моралдык жана психологиялык жактан ага даярдоо үчүн бул сөздөр атайын "белгилүү ооздор" менен айттырылып жатат. 

1991-жылдан бери мамлекеттик мүлктөрдүн кайда кеткенин бир сыйра ревизияласа, 400гө жакын үй-бүлө менен “өлкөбүзгө пайдалуу маектер” жүргүзүлсө, Кытайга болгон карызыбыз оңой эле жабылат. Анүчүн алар менен күрөшө алгыдай тазалык, саясый эрк жана тобокелчиликке киришүү зарыл. Чындыктын өзүнчө күчү болот. “Булгангандардын клубуна” киргендер күрөшкө аттана алышпайт. Коомду ар кандай кептер менен коркутушат, алаксытышат, дезинформацияларды таратышат...

-- Сиз жазган пикирлерге бир-эки ирет президенттин комментарийлери калтырылды. Аны кандай кабыл алдыңыз? Жеке кат куржундан сүйлөшүүлөр болгон жокпу?

-- Эмоциясыз эле кабыл алдым. “Жүрөктөн чыккан сөз жүрөккө жетет” деген сөзгө дагы бир ирет ынандым. Комментарийлердин деңгээлин “жогору” деп айтуудан алысмын. Өзүмдүн дарегиме айтылган сөздөр мени буйтап өткөнү үчүн жүрөгүмө жакын кабыл алган жокмун. 

Жеке жазышуу болгон жок. 2020-жылдын 5-6-октябрларына чейин болуп турган. Бул жерде эч кандай жеке маселе жок, жалаң коомдук гана маселелердин тегерегинде сөз болууда. Кумтөр боюнча коомго берилген убадалардын аткарылышы боюнча элдин үмүтү үзүлө элек. Негизи, ал Кумтөр менен Садыр Жапаров болду! Мурда берилген убадаларды толук аткармайын, Жетим-Тоо сыяктуу жаңы долбоорлорго киришүүнүн өзү туура эмес болуп калат.  Сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет...

-- Эгерде сиз жазып жаткан нерселердин баарын чындык деп эсептесек, анда мурдагы бийлик кетиргендей каталарга жол бербөөнүн жолдору катары эмнелерди билесиз?

-- Өзүбүздү алдаганды токтотушубуз керек. Иллюзиядан арылалы. Бир саясатчыны аябай жактырсак дагы, анын ар бир кадамын байкап туралы. Айтылган сөздөр менен жасалган иштерди ар дайым салыштыралы. Ойгоо бололу. Ишенели, бирок текшерели. Чыдап отура берип, анан бир "жарылып" койгонду дагы токтотуу зарыл. 

Убадаларды жана максаттарды айлык, кварталдык, жарым жылдык деп бөлүп алып, өз убагында көзөмөлдөп туруу керек. Маселелерди өз убагында чечип турбасак, ал чоңоюп кетет. Чоңоюп кетсе, мамлекетибизге дагы, элибизге дагы залакасы тийип калат. Улутубуз  өзүн өзү сактап калуу инстинктинен кол жуубай, иммунитетин күчтүү кармашы абзел.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер