Миллиардердин акыркы керээзи
Жанды жанга уруп, адам баласы түбөлүк өлбөчүдөй кызыктуу жашоо менен билинбей зуулдап учкан заманда жашап барабыз. Не деген дене титиреткен насаат сөздөр кошкура ойноктогон азоо атка окшогон адам баласын токтото албай келет. “Жокчулуктун жүгүн көтөрсө болот, барчылыктын жүгүн көтөрүш кыйын” дегендей, кыйынчылыкка чыдаса болот, жыргалга чыдаш өтө кыйын. Мансап, бийликке мас, жыргалга чыдабаган адам бирөөнү басынта тилдеп, сөгүп, ичкилик ичип, чылым тарта коюусунун өзү жыргал азабына чыдабагандык. Адам баласы чексиз сүйгөн байлык, дүнүйөгө байланыштуу мынчалык эмне үчүн жакшы сөз жок? Буга мисал, XXI кылымдын дүйнөдөгү эң чоң миллиардери болгон Стив Джобстун өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндөгү элге калтырган өкүнүч керээзин айтсак туура болчудай.
“Мага оомат келгенин өзүм да байкабай калдым. Беттеген ишимди ийгилик жылоолоп турду. Мен өзүмдү туура ыйманда кетип бара жаткандай сезип жүрдүм. Өзүмдү өзүм көзөмөлдөөм да дурус сыяктуу болчу. Бирок, бирөөлөрдүн “мен!” деп турганын көргөндө, өзүмдөн ылдыйкылар сөз талаша кеткенде, мендеги акча, байлыктын шайтаны ойноп кетчү да, мени ааламда жок алп дөө кылып, чынжыр менен байланган көзөмөлүмдү талкалап, өзүмдү жеңилгис адамга айлантып тургам. Үй-бүлө, балдарыма жакын болбой, дүйнө жүзүн айланып, акча, байлыкты өзүмдү кубантыш үчүн гана көбөйтүп жаттым. Мени таанып-билип уккандардын жылуу жүздөрү менен алардын көздөрүнөн мага болгон суктанууну аваз кылып турганын байкачумун. Мени байлык, дүнүйөдөн башка эч нерсе кызыктырбай калды. Байлыкка болгон ышкымды токтотконго жан жагымдагы күчтөр алсыз болчу...
Мына, мен азыр ооруп төшөктөмүн. Армандуу акыл ойлордун гана курчоосундамын. Өмүрүмдүн акыркы мүнөттөрүн жашап жатам... Эми гана жашоонун чындык сыры маңдайымда даана көрүнүп, мага коюлган аппараттын тажатма такылдаганы, кыйма-чийме өткөргүчтөрдүн жылтылдаган жашыл түстөрү “жалт-жулт” этип, ушулар менин акыркы анык байлыктарым экенин билип жатам. Жанымда аялым жана сүйүктүү уулум карап турушат. Уулумдун өңү жакшы көрүнбөй, карайлап баратат, аттиң!.. Бир аз түзүк маалымда уулумдун жүзүнө тойгончо карап алсам болмок экен! Уулумдун бүдөмүк өңү менен коштошууга туура келип турат...
“Чык-чык” эткен аппараттын үнү, өлүм жакындап, бул мезгилде сыртта калып жаткан эбегейсиз зор байлыгымды эмес, миллиарддарга алмашкыс, үзүлүп-үзүлүп бараткан секунддарым чыныгы байлыгым экенин билдим! Кудайдын деми сезилип жатты...
Оо арман дүйнө! Адам жашоосундагы кадам сайын чийелешкен катачылыктар көзгө эч качан көрүнбөйт. Чынында эле чийилген сызык менен адашпай келе жаткансыйсың, карыпчылыктын (буту-колу шал, жардамга муктаж адам) азабында жаткан адамды көрсөң, ага жардам берсең, ага чын көңүлүңдөн кошо күйүп өрттөнгөнүңдө гана сени бактысыз кылчу катачылыктарың даана көрүнөт турбайбы!”
"Азия Ньюс" гезити