Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Өлгөн кыздын өздүгү такталбай жатат, билгендер кабарлагыла
Өлгөн кыздын өздүгү такталбай жатат, билгендер кабарлагыла
06-ноябрь, 18:48


3-ноябрда таңкы саат жетилер чамасында ЖЭБдин насос станциясынын жээгинен кыздын жансыз сөөгү табылды.
Маркум кызды текшерген экспертиза анын денесинен эч кандай кол салуу жана кыйноо жок экенин тастыктады.
Кыздын белгилери: бою 165 см.арыкчырай, чачы кара, бети тоголок, азият улутунда.
Маркумдун үстүндөгү кийими: I LOVE MOSCOW деген жазуусу бар кѳк футболка, SPORTS деген жазуусу бар кызыл түстѳгү шорты, ак түстѳгү 36-38 размердеги спорт бут кийими,
Келбетиндеги өзгѳчѳ белгилери: Оң жаагынын ѳйдѳ жагында “ууру” тиши, сол бутунда кызыл жип менен адамдын алаканы жана бак кѳрсѳтүлгѳн браслет бар.
Маркумду тааныгандар же издеп жаткандар болсо тѳмѳндѳгү телефондорго байланышса болот: 0553102387, 0703222622, 0702498888, 0772847336 и "102".
Aryba.kg