Каныбек Осмоналиев: “Менимче, шайлоодон кийин дароо эле соттошуулар башталат”
-- Үгүт иштери эми кызуусуна киргендей. Кандай өзгөчөлүктөрдү байкап жатасыз?
-- Ооба, шайлоо алдындагы үгүт иштери өзүнүн апогейине жетти. Аны менен кошо эле талапкерлердин мыйзам бузуу аракеттери дагы катуу күчөдү. Менин байкоомдо, мурда депутат болуп кынык алган эргулдар мыйзам бузуу жагынан көч башында турушат. Бирөөсү акча тараттырып жатып колго түштү, шайлоодон четтетилди. Туура болду. Дагы бирөөсүнүн дипломунун мыйзамдуулугу жөнүндө ар кыл пикирлер айтылып жатат. Ал дагы бычактын мизи менен баса баштады. Партияларга келе турган болсок, алгачкы күндөрү калп эле таза шайлоо өнөктүгүн уюштуруп кирген болумуштары менен акыркы жумадан баштап, шайлоочуларды өзүнө имерүү максаттарында баардык мыйзамсыз аракеттерди көрө башташты. БШК адатынча эле эл көрсүн кылып, бир-экөөнү жазаламыш болуп, негизинен оппозициялык маанайдагы партияларга гана асылып туруп алды. Калган партиялар билген намазын окуп жатышат. Менимче, шайлоодон кийин дароо эле соттошуулар башталат. Өзгөчөлүк болуп, аралаш добуш берүү ыкмасы эсептелет. Анын натыйжасы кандай болорун 29-ноябрда сезебиз. Мени ынандырган нерсе – президенттин ачык-айрым жасаган мамилеси болуп жатат. Менимче, ал кишиге таянып алып талтаңдаган партиялар жокко эсе. Бир мандаттуу окуругдарга аттанган кээ бир талапкерлер президенттин атын сатып, элди дүрбөтүп жүрүшөт. Бир гана тилегим – ушул шайлоо тынч өтүп, жаңы депутаттар келишип, иштерин мыйзам чегинде башташса жакшы болот эле. Эл шайлоолордон чарчады жана тажады. Качан жаратмандык жолго түшөбүз? Мен ушул жагдайды гана күнү-түнү Кудайдан тилеп күтүп отурам!
"Азия Ньюс" гезити