Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кундус Кырбашева: «Бизнеске Өзбекстандагыдай мамиле болсо, иштегиң эле келет»

Кундус Кырбашева: «Бизнеске Өзбекстандагыдай мамиле болсо, иштегиң эле келет»

18-ноябрь, 12:04
3 591 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Энергетика министрлиги чакан ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын курууга белсенген компанияларга күбөлүк берди. Кандай дейсиз?

-- Күбөлүк компаниянын электр энергияны өдүрүүгө уруксаты бар экенин тастыктайт. Бул сертификат биринчиден, сырттан келген инвесторлор жана аймактардагы акимчилик, айыл өкмөттөр менен сүйлөшүүдө колдонулат. Себеби, учурда президент, өкмөт башчы биригип, электр энергиясын өндүрүүнү колдоо багытында алгылыктуу жумуштарды жасап жатышат. Дембе-дем иш-чаралар уюштурулуп, эксперттер чакырылып, талкуу жүрүүдө. Бирок, биз, ишкерлер ылдыйкы тепкичке түшүп, аким, айыл өкмөттөргө жеткенде эбегейсиз тоскоолдуктарга туш болуп жатабыз. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чындыгында кайра жаралуучу энергия булактары (ВИЭ) деген эмне экенин жакшы түшүнүшпөйт. Бул сертификат акимдердин «эмне кампания, кандай иш кылат?» деген кайталанма суроолоруна жооп бере турган күбөлүк. Ал энергетика министрлигинен берилген, бул «компания кайра жаралуучу электр энергиянын булактары боюнча иш алып барат» деп түшүндүрөт. Мында бир катар тоскоолдуктар жоюлат. Көпчүлүк учурда ишкерлердин канчалаган жумуштарын жаңы технологияны түшүнбөгөн кайдагы бир билимсиз айыл өкмөтү жокко чыгарып салат. Ушунчалык масштабдуу жасалган жумуштар заматта ойрон болот. 

-- Сиздердин компания кайсы аймакка станция курууну пландап жатат?

-- Тоң районундагы Топурак-Бел айыл өкмөтүнө станция курууну пландаганбыз. Кайсы бир жерге станция куруу үчүн алгач изилдөө иштери жүрүш керек, бул өтө узак убакытты алат. Азыр бийлик айыл өкмөттөрдүн колуна тийип, баардык нерсени чечип калышпадыбы. Биздин компания дагы ушу тапта жергиликтүү айыл өкмөтүнүн башчысы менен кагаз жумуштарынын үстүндө иштеп жатабыз. Эми дүйнө жүзүндө болуп жаткан трендди айыл өкмөт башчысына түшүндүрүп берүү үчүн эле менин канчалаган убактым кетип жатканын элестетиңиз. Жакында Өзбекстанга бардык, аким, айыл өкмөт, айтор, кайсы бир аймакка жоопкерчиликтүү болгон ар бир мамлекеттик кызматкер ишкерлерди кучак жайып тосуп алышат экен. «Инфраструктура мына, кайсы жерге эмне курасың?» деп колу-бутуңдан алып турат. Алар президентинин, өкмөтүнүн, энергетика министрлигинин жасап жаткан иштери, саясатынан кабардар. Ушундай мамиле түзүлсө, иштегиң эле келет экен. Биз болсо жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө Кыргызстанга ВИЭ эмне үчүн керектигин түшүндүрүп жеткире албай жатабыз. Мурунку мыйзам боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн өздөрүнүн депутаттары шайлачу да, эми президент түз шайлап калды. Бул инвесторлор үчүн жакшы. Маселен, мурун сабаттуу айыл өкмөт менен иштешип жатканбыз, аны депутаттары өз ара сүйлөшүп, жумуштан алып салып, өз кишисин коюшкан. Анын бул тармак боюнча түшүнүгү жок болгондуктан, ага чейин жасалган жумуштарды жокко чыгаргысы келип жатат. Мына ушундай тоскоолдуктар менен күрөшүп келебиз. Ошого карабастан акырындан жабдыктарды алып келип баштадык. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер