Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Сатуучунун жүрөгүнө бычак сайган
Сатуучунун жүрөгүнө бычак сайган
04-ноябрь, 12:37


Ошто зоологиялык дүкөндү ижарага алып иштетип жаткан сатуучуну белгисиз адамдар ашкана бычагы менен бычактап кетишти.
Окуя 31-октябрдан 1-ноябрга караган түнү саат 23:00 чамасында Курманжан датка көчөсүндөгү дүкөндө болгон.
Дүкөндүн сатуучусу — Ош шаарынын 1984-жылы туулган тургуну Р.М.дин жүрөгүнө бычак сайылган. Маркум ооруканага жетпей каза болгон.
Маркум дүкөндү ижарага алып, түрдүү канаттууларды сатып келген.
Сатуучуну бычактаган адамдар издөөгө алынды.
Aryba.kg