Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алиярбек Абжалиев ВИП-түрмөдө “соодалашып” жатабы?

Алиярбек Абжалиев ВИП-түрмөдө “соодалашып” жатабы?

14-август, 22:26
960 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин кудасы Алиярбек Абжалиевдин ити чөп жеп, иши жүрүшүп, байбачага айланган. Бизнес жаатында көрүнүктүү лөктөргө кошулганы маалым. Бизде эле ушундай, бийликтин таасири менен кескин түрдө байып кетишет, же сызга отуруп калышат.

Учурда экс-депутат Алиярбек Абжалиев “Бикард” клиникасында дарыланып, элиталык жайда жатканын каңкуулашты. Бул жер акыркы убактарда ВИП-түрмөгө айландыбы? Ири ууру-кески, коррупционерлер камалышкандан кийин “Бикардга” профилактикалык эс алууга чыгып алышканы кызык го? Мына ушул жерден Алиярбек Абжалиев “соодалашып”, канча бир миллиондорду “кусуп” берүүгө макулдашканы айтылууда. Сокенин бийлиги учурунда Кайыңды кабель заводун оңой ыкмада алып, кытайлар менен өнөктөш катары бизнес баштап, кийин иликтөөлөргө кабылып, айыбы ачылганы эсиңердеби? Мына ошол инвестор шериктеринин акчасын пайдаланып, түрмөдөн кутулуп кеткени турабы? Өз каражаттарын аяп, кимдир бирөөлөрдүн кирешесин төгүп берүүнүн амалын тапканыбы? Айтор, суроолор арбын.

Алиярбек Абжалиев кудасынын доорунда “Рабочий городоктогу”, “Кудайбергендеги” базарларга ээлик кылып, андан сырткары да Бишкектен жерлерге, байлыктарга жеткенби? Бул боюнча тар чөйрөдө талкууланып келет. “Суунуку сууга кетет” деп кыргызда бекер айтылбаса керек. Таман акы, маңдай тер менен табылбаган оокаттын берекеси болбостур. Аныгында, Алиярбек Абжалиевдин кантип байыганы дыкат иликтенип, адилеттүү баа берилиши шарт. Мыйзамдуу өлкө курууну ойлосок, башкаларга да сабак болушун эстен чыгарбайлы.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер