Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Жондон кайыш тилген” салык саясаты... Аягы эмнеге алып барат?

“Жондон кайыш тилген” салык саясаты... Аягы эмнеге алып барат?

11-сентябрь, 09:00
202 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкектин четиндеги “Жунхай” базарынын соодагерлери салык кызматы кампаларды текшерүүгө алып, миллиондогон салык төлөөгө мажбурлап жатканына нааразычылыктарын билдирип чыгышты. Алар кампалары жабылганын, өкмөт койгон 10 пайыз салыктан оорчулук жаралып атканын, пайда түшпөй калганын айтышууда. Соңку салык саясатына карапайым ишкерлер нааразы. Бул көрүнүштүн аягы эмнеге алып барат?

Дамира Дөөлөталиева, “Дордой” комплексинин кесиптик кошуунунун башчысы:

-- 800дөй склад жабылган. Салык инспекциясынан келип, “документиңерди көрсөткүлө? Кайдан товар аласыңар? Чек арадан кай жактан өттүңөр? Документиңерди көрсөтсөңөр, тийбейбиз” дешти. Биздин ишкерлерибиз 30 жылдан бери документ жок эле иштешкен. Эч ким сураган эмес. Бирок биз алып келген товарларыбызга 3 доллардан 15 долларга чейин төлөп беребиз. Бир жылчыктан көрүнбөй өтпөйбүз. Ар бир өткөн товардын салыгы төлөнөт. Айрымдардын товарларынын беш жылдан бери турган калдыктары бар. Ошол товарлардын баарын эсептеп, мисалы, “складда 10 миллион сомдук товар болсо,  1 миллионун салык катары төлөгүлө” деген талаптарга эл нааразы болуп чыгышты. Соодагерлер айткан көйгөйлөр боюнча өкмөт башчы менен жолуктум. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасына, экономика министрлигинин өкүлүнө жолукканда да соодагерлер 10% төлөй албай турганын, документтери жок экенин билдиргем. Алар ишкерлердин абалын түшүнүп, ар бирине бааны өзүнчө карай турганын айткан. Алар “товардын келип чыгышын көрсөтүп, документтештирип бергиле” деп жатат. Буюрса, баары оңдуу чечилип кетет деген ишеничтемин. 

Элдар Абакиров, экономика министринин мурдагы орун басары:

-- Негизи “Дордой”, “Жунхай” базарлары товарларын Кыргызстандын ичине да, экспортко дагы көп сатышат. Экспортко сатылганда кошумча нарк салыгын өкмөт кайтарып бериши керек. Ошондуктан экспортко багытталган товарлар өзүнчө, ички базарга сатылган товарлар өзүнчө каралышы шарт. Негизи Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга окшогон көп өлкөлөр “Дордойго”, “Жунхайга” окшогон базарларды өздөрүнөн көргүлөрү келип, көптөгөн аракеттерди жасашат. Бирок биз эрте баштап, ошону менен бирге географиялык жайгашуубуз туура келгендиктен, бул иш бизде жакшы жүрүп кетти. “Дордойго” окшогон базарыбыз – чоң байлык. Жумушчу орун түзгөн соода борбору экенин унутпашыбыз зарыл. Демек, бийлик ишкерлердин нааразылыгын жаратпай, тил табышып, ийгиликтүү иш алып баруулары керек деген ниеттемин. 


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер