Апа, мени боздотуп, кордош үчүн багып алдың беле?
Апам мени кичинекей кезимде багып алыптыр. Кичинемден бери укпаган сөзүм калбады, көбүнчө туугандарыбыз кемсинтет. Силерге айтарым, “өгөй” деп бирөөнү кемсинтип, ага атырылып сүйлөп, чоң болуп, анын жашоосуна кийлигишип, анын жеткен ийгиликтерине ичиңерди күйгүзбөй эле койгулачы?! Качанкыга чейин мени басынтып жүрөсүңөр. Беш кол тең эмес да. Бир күнү мен дагы жакшы адам болуп чыгаттырмын, ошондо бетиме кантип карайсыңар? Мени Кудай сынап жатат. Апа, сизге да айтарым, “мени бак” деп сизге өзүм барган эмесмин. Өзүңүз бактыңыз, аныңызга ырахмат! Бирок, бакканыңызды кайта-кайта айтып, эмнеге мага “жетимсиң, бузулуп кетесиң, адам болбойсуң” деген сөздөрдү айтасыз? Же Кудай менен сүйлөшүп алдыңыз беле? Ар бир сөзүңүз менин жүрөгүмдүн толтосунда турат.
Билесизби, мен дайыма кечинде ыйлап жатарымды? Мен дайыма “ооруп жатам” десем, “оорумак түгүл өлүп кет!” деген сөздөрүңүз үчүн өлүп да калгым келет... Туугандар урушуп жатканда эмнеге мага болушпайсыз? Ооруп жатканымда эмнеге жаныма бир дагы басып келбейсиз? Мен бир нерсе айтайын дегенде “сен өгөйсүң” деп дайыма кагасыз. Анда эмнеге бактыңар? Мени ушинтип “моокумубуз канганча урушабыз” деп бактыңыз беле? Кичине болсо да мээрим төгүп койсоңор болбойбу? Мага ар бир айткан сөзүңөр үчүн тигил дүйнөдө жооп берериңерди унутпагыла! Жетимдин жүрөгү канчалык назик экенин билбейсиңер да...
Мунара