Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбек Жумагулов жүк көтөрүп, системанын "былык-чылыктарын" билдирбей баратат...

Айбек Жумагулов жүк көтөрүп, системанын "былык-чылыктарын" билдирбей баратат...

04-март, 21:33
1 131 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги Азенбек Козукеевдин дараметин, кандай деңгээлде экенин айланасындагы формачандар жакшы билип калышыптыр. Чечмелөөнүн кажети деле жок. Башкасын айтпасак да, жума сайын жүрөк титиреткен жол кырсыктары, адам өлүмдөрү же жаракат алгандардын арбыганы өкүндүрөт. 

     Аракети майнапсыз болсо, Азенбек Козукеев көпкө деле узабай калды го? Парламенттен депутат Эрулан Кокулов кандай гана жарга такап салганын көрдүңөр да. Баркы кеткени ушулбу? (Кала берсе, Жеңиш Жоробековдун убагында системада ыраттуулук, тартип орноп, коррупция кан буугандай токтогонун билебиз. Генералга алмашкыс кадр экен!) Азыр болсо кедеринен кеткени жалганбы? Өздүк курамдагылар эле саймедиреп атышат го?.. 

     Айтмакчы, үмүттүн шооласы үзүлбөгөн сыңарындай, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын орун басары Айбек Жумагулов мекеменин жүгүн көтөрүп, көп "былык-чылыктарын" билдирбей баратканын айтышты. Негизги иш-чараларды башкарып, олуттуу чечимдерди ушул орун басар жайгарып жатыптыр. Бирок, Айбек Жумагулов канчалык жакшы иштебесин, жетекчиси Азенбек Козукеев аксап турса, абал кайдан жакшырмак эле? 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер