Акыркы кабарлар
» Коом » Уханга коронавирусту АКШнын аскерлери алып киришкенби?
Уханга коронавирусту АКШнын аскерлери алып киришкенби?
13-март, 14:27

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь Twitter баракчасына "Уханга коронавирусту АКШнын аскерлери алып кириши мүмкүн" деп жазды. Бул тууралуу Reuters басылмасы билдирди.
"АКШда эң биринчи бейтап качан пайда болду? Канча адам жуктурду? Ооруканалар кандай аталат? Сыягы, Уханга эпидемияны АКШнын армиясы алып келди. Таза болгулачы! Маалыматтарыңарды ачыкка чыгаргыла! АКШ бизге түшүндүрмө бериши керек!" - деп Чжао англис тилинде кайрылган.
Бүгүнкү күндө дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 126 миңден ашты. Андан 4700 адам көз жумган. Кыргызстанда ооруну жуктургандар катталган жок.