Улугбек Ормонов: “Жасалма диплом менен иштей берет. Себеби, талап жок да...”
-- Улугбек Зулпукарович, сиз “Жогорку Кеңештин депутаты болуш үчүн жогорку билим талап кылынбайт” деген долбоорду демилгелеп жаткандардын бири экенсиз. Ошондо сиз дагы депутатка жогорку билимдин кереги жок деп эсептейсизби?
-- Бул норма 2020-жылы, алтынчы чакырылыштын мөөнөтү бүтөрдө кирди. Мурда андай талап болгон эмес. Себеби, Конституцияда андай норма жок болчу. Биз кодекске киргизгенден кийин, тилекке каршы, 2021-жылы кабыл алынган Башмыйзамыбызда, 76-, 79-беренеде ушу норма камтылбай калгандыгына байланыштуу мыйзамдарды бири-бирине дал келтирүү боюнча гана сунуш киргиздик. Азыр коомдук талкууга коюлду. Эгер коомдо буга өтө терс пикир жаралчу болсо, талкуудан соң чечим кабыл алабыз.
-- Жогорку билим тууралуу маселе жасалма дипломдордон улам чыгып жаткан жокпу?
-- БШК талапкерлерди каттаганда кылдат текшерип, туура чечим кабыл алганда, балким мындай суроо туулбай калышы деле мүмкүн эле. Азыркы шартта депутат ант берип, иштей баштагандан кийин маселе чыгып атат. Башмыйзам менен Шайлоо кодексинин ортосунда бири-бирине дал келбеген жактары бар. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары кайсы учурда токтотуларын караган 79-беренеде 11 пункт жазылган. Ал жерде жогорку билим жөнүндө сөз жок. Ошондуктан, депутаттар тобу Конституция менен мыйзамды бири-бирине дал келтирүү аракетинде гана сунуш кылдык.
-- Мыйзам кабыл алынып, жогорку билим талап кылынбай калды дейли. Ошондон кийин кайсы бир депутаттын диплому жасалма экени аныкталып калса эмне болот? Мурдагыдай эле иштей берби?
-- Иштей берет. Себеби, талап жок да. Жогоруда айпадымбы, бул норма 2020-жылы гана кирди. Башмыйзамда так жазылып турат: “ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу” деп.
"Азия Ньюс" гезити