Жолборс Жоробеков: “КМШ мамлекеттеринин биринде да диний кырдаал биздегидей опурталдуу эмес”
-- Жолборс Жоробекович, көптөн бери көрүшпөй калдык. Бу бизде саясат кандай нукта баратат? Өзүңүз эмне жумуш менен алекеттенип атасыз?
-- Жакшы болот. Мен тарых факультетин бүткөм да, ошондуктан студент кезден бери ишке ашпай келе жаткан кыял, тилек эңсөө бар эле, “Греция, Афинаны көрсөм” деген. Быйыл Рим аркылуу Жер Ортолук деңизин бойлогон саякаттан пайдаланып, эжең экөөбүз, анан Кеңеш Алымбеков деген байкең келинчеги менен Афинага барып, 4 миң жылдан ашык тарыхы бар элди-жерди көрүп, Акрополго чыгып, музейлерин кыдырып, Сократ менен Аристотелге кыргызча салам берип дегендей...
Ал эми күндөлүк саясатка тыкыр көз салып турам. Азыр жакшы го, дүйнөнүн кайсы бурчунда болбо, Кыргызстандагы кыбыр эткен нерсени телефондон эле көрүп турасың. Четтен келгенден кийин кыска мөөнөткө касиеттүү көлгө барып келдим. 1966-жылы 18 жашымда көлдү биринчи көргөндө, ушул көлдүн Кыргызстанда экенине, мен да кыргыз болуп калганыма кубанган элем. Мына андан бери 58 жыл өтүптүр, азыр да көлгө барганда, көлдү көргөндө ошондой эле кубанам жана сыймыктанам. Көлдү көздүн карегиндей сакташыбыз керек.
-- Азыр эмне менен алек болуудасыз?
-- Пландар жана иштер ушунчалык көп болгондуктан, кезегине жана зарылчылыгына карата акырындап бүтүрүп жатам. Биздин “Оргу” деген уруу кыргыз улутун түзгөн 40 уруунун бири. Тарыхта аз изилденген. Ошондуктан “Оргу” деген китепти аяктадым. Андан кийин 2023-жылы чыгара турган 1-2 замандаштардын саясый портреттери бар. Мындан башка постсоветтик Борбор Азиядагы этносаясый процесстер жөнүндө да олуттуу монография даярдалууда.
-- Саясый портреттерде президентибиз Садыр Нургожоевич жөнүндө да жазасызбы?
-- Жок, атайылап аракеттеги президенттин саясый портретин жазуу максатыма кирбейт. Бирок, “Кыргызстандын президенттери” деген китебиме албетте кирет. Ал жерде Акаев, Бакиев, Атамбаев, бир аз Отунбаева жөнүндө олуттуу изилдөөлөр аркылуу чечмелөөлөр, өзүмдүн жеке ойлорум бар. Ал эми С.Жээнбеков, С.Жапаров жөнүндө материалдар азыр ысык бойдон, ошентсе да салкын кандуулук менен эмоциясыз жазганга аракет кылдым. Бул жана башка саясый процесстер тууралуу, дин жаатында, ошондой эле мага жакын билим берүү маселелери боюнча президент Садыр Жапаров менен бир мүмкүнчүлүк таап сүйлөшүп чыгам го.
-- Дин демекчи, бу биздеги диний процесс кандай болуп жатат?
-- Эми бул өтө чоң маселе. Кененирээк айтканга гезиттен орун жетишпейт. Дин бизде өтө кооптуу абалга жетти. Олуттуу мамиле жасалбаса, аягы өтө жаман болушу ыктымал. Анткени, КМШ мамлекеттеринин биринде да диний кырдаал биздегидей опурталдуу эмес. Эки жолу дин комиссиясын жетектедим, үч жолу ажыга зыярат кылдым, дегеле бул тармакты изилдеген адам катары өзүмдүн терең ойлорум бар.
-- Кумтөр кайтарылды, жакшы жарлыктар чыкты. Буга кандай карайсыз?
-- Жакшы. Албетте, президенттин “Улуттук нарк-дөөлөт” жөнүндөгү соңку жарлыгы, айрым иш-чаралары жылуу сөз айтууга арзыйт. Бирок, бул иштер убактылуу кампаниянын иши катары элестетип калбаш керек. Эл арасында ырааттуулук менен түшүндүрүү жакшы жемишин берет эмеспи.
Кумтөр боюнча адис болбогондон кийин же аны атайылап изилдебегенден соң эч нерсе деп айта албайм. Ал эми алардын экологияга келтирген зыянын биздин соттор 4 млрд. долларга, ал эми Б.Талгарбековдун эсеби боюнча 3,5 млрд. долларга айып салынбады беле, бул кандай болорун айта албайм. Канткен күндө да кендин өзүбүзгө кайтарылганы жакшы болду. Мурда да бир канча жолу жаздым эле, дагы айтайын, азыр иштеп жаткан кендерди гана иштетип, жаңыларын ачпоого мораторий жарыяланса. Америкалык бир окумуштуу менен сүйлөштүм, ал деле “алтын-күмүш, көмүр-темир ж.б. толтура” дейт, “кайсы жерде канча бар экени изилденип, керек болсо ТЭОлору түзүлүп коюлган, бирок азыр казбайбыз, башка жактан сатып алып келгенибиз жакшы, ал биздин келечек муундарга” дейт. Кендерине кол салган кедей же колониядагы мамлекеттер экен.
Өткөндө айылга барып Чавай аркылуу Гөөзан тоосуна чыктым. Союз убагында Чавайдан сурьма чыгып, москвалык каржыда болгон. Азыр ар бир жылгада эле келемиш ийин казгандай кытайлар казып жатышат, тоонун чокусуна чейин бадал, арча ж.б. талкаланып, жолдор салынган. Туш келген жерлер тешилген, казылган, чукуланган, анан ошол бойдон калган. Немец фашисттери да мындай талкалабаса керек. Казган нерселерин каптарга салып, 40 тонналык машиналар менен Кытайга алып кетет экен. Таңгалганым, буларды “кой-ай” деген адам жок. “Жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыгат” деген макал бар. Мен ошол эле Чавай эле экен десем, Аксай, Арпа, Чаткал ж.б. жерлерде да ушундай абал тура. Ошондуктан кен казууну токтотпойлубу! Биз да укум-тукумдарыбызга калтырбайлыбы, экологияны сактабайлыбы, туризмге ж.б. акча таба турган жакка бет албайлыбы!
-- Саясатчылар батышчыл, чыгышчыл, америкачыл деп бөлүнүшөт экен, сиз кайсы тарабындасыз?
-- Мен эч жагына кирбейм, кыргыз саясатын изилдеген кыргызмын. Кыргыз бойдон калам. Бул деген таза катып калган консерватор дегенди билдирбейт. Жигиттер Америкада бир аз жашап келип, бала-чакасын Америкадан окутуп, ошол жактан үй-жай алып берип, “ал жакта тигиндей-мындай, биз да ошондой болушубуз керек” деп кырдаалга карабай айта беришет. Биз эч качан Америкадай болбойбуз. Ал эмес демократиялуу деген Европадай да болбойбуз. Биз пир туткан Батыш демократиясы азыр Макрон айтмакчы, “жинди болуп кетти”. Демек, Батышыбы, Чыгышыбы... Кандай болсо да алардан алгылыктуу жакшы нерселерди (илим, техника, маданият ж.б.) өзүбүзгө сиңирип, кыргыздыгыбызды (иденттүүлүгүбүздү) сактап калышыбыз керек. Биз паранжы менен чүмкөнгөн да, жарым жылаңач кыздарды да жерип, коомдук мамлекеттик иштерге эркектер менен бирдей катышкан Каныкей, Айчүрөк, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Курманжан датка, Уркуя, С.Ногоева, Ө.Атабекова, К.Кондучалова ж.б. кыргыз кыздарын көргүм келет.
-- Эми Жолборс аке, өзүңүзгө жакын билим берүү жана илим жагынан да сөз учугун улай кетсеңиз?
-- Азыр мугалимдердин маянасы көбөйдү, бул жакшы көрүнүш. Эми ошого жараша талап, милдет да болушу керек. Болбосо кат тааныбаган студенттер пайда боло баштады эле. Азыр бир канча миңдеген доллар жумшалып, дүйнөдөгү абройлуу окуу жайларга студенттерди жөнөтөбүз деп жатабыз. Биз муну көрбөдүк беле, “XXI кылымдын кадрлары” деген. Казакстанда “Болашак” мүмкүн бирин-экиси кайра Кыргызстанга келгендир, а көпчүлүгү калып калды да. Муну эртерээк сезген Нураке Алматыга, Астанага дүйнөлүк деңгээлдеги жогорку окуу жайларды уюштуруп, ошол акчага чет элдик абройлуу профессорлорду чакырып иштетти. Нуракенин бир жакшы адаты – улуттук университетке такай көңүл буруп, ал жердеги профессор, окутуучуларынын маянасы бир дагы менчик же башка абройлуу окуу жайдыкынан төмөн болбошуна көз салып турган.
Демек, биз дагы улуттук университетке өзгөчө макам бердик, эми анын башкы имараты, материалдык базасы жөнүндө ойлонушубуз керек. С.Табышалиевдин учурунда рейтинги боюнча СССР деген чоң империяда эң жакшы 10 университеттин ичине кирчү. Азыр Кыргызстанда ондукка киреби?
-- Ал эми Илимдер академиясычы?
-- Илимдер академиясы – бул Кыргызстандын туусу, гимни, герби ж.б. окшогон символдордун бири жана негизгиси. Карап көргүлө, ар бир мамлекет өзүнүн академиясы, университети, улуттук театрлары менен сыймыктанат. Ал эми академияны мезгилге жараша реформалоо жана каржылоо бул башка узун кеп. Либералбыз деген 5-6 адам урматтуу президентти антиконституциялык жолго түртүп жатышат. Бул боюнча олуттуу чоң материалды жакында силерге сунуштайм.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити