Акыркы кабарлар
» Саясат » Орустар менен мамилесин чыңдаган Бабановдун саясатка кайтып келиши болжонууда
Орустар менен мамилесин чыңдаган Бабановдун саясатка кайтып келиши болжонууда
08-сентябрь, 13:21


УКМК камагында эки айдай жатып, 100 миллион сом “кусуп” чыккан Өмүрбек Бабанов дүркүрөгөн бизнеси менен алек. Иши жакшы эле жүрүшүп атат. Акча айландыруунун “атасын таанынат” эмеспи. Ал учурда саясатка да анализ жасап, өзгөрүүлөрдү күтүп аткандай. Ошого катар Россиядагы лөк достору, таасирдүү тааныштары менен мамилесин бекемдеп, кезектеги лидер катары чыгууга камылгасын баштадыбы? Негизинен саясый күчтөр менен да тымызын алектенип, демдүү жүргөнүн эшиттик. “Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн” касиети бар эмеспи. Бекеринен Бабановдун саясатка кайра кайтып келишин жакын санаалаштары болжоп жатышпаса керек.
"Азия Ньюс" гезити











