Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Вирусолог пандемия бүткөн соң коронавирустун тагдыры кандай болорун айтты

Вирусолог пандемия бүткөн соң коронавирустун тагдыры кандай болорун айтты

07-февраль, 12:03
565 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Пандемия аяктаган соң коронавирус адам баласынын популяциясына жолобой калышы мүмкүн. Бул тууралуу Гамалея борборунун профессору, вирусолог Анатолий Альтштейнге шилтеме берип URA.RU жазды.

"Дүйнөдө көптөгөн кишилер коронавирустан сакайды, иммунитет пайда болду. Андан тышкары, вакцинанын көптөгөн түрлөрү чыкты. Жакын арада пандемия акырындык менен басаңдай баштайт. Мындай шартта вирус жок болуп кетиши дагы ыктымал", — деди дарыгер.

Ошол эле учурда ал окуя башка багытта да өнүгүшү мүмкүн экенин божомолдоду.

"Коронавирус баш-оту менен жок болуп кетпеши дагы ыктымал. Бирок мурдагыдай пандемия абалы болбойт. Чектөөлөр алынып, жай турмуш башталат", — деди Альтштейн.

Кандай болгон күндө дагы, окумуштуунун пикиринде, адам баласы бул вирусту көпкө чейин унутпайт жана изилдөөсүн токтотпойт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер