Акыркы кабарлар
» Коом » Алымкадыр Бейшеналиев: “Жакында коронавирус жуктургандардын саны кескин өсүшү мүмкүн”
Алымкадыр Бейшеналиев: “Жакында коронавирус жуктургандардын саны кескин өсүшү мүмкүн”
26-январь, 20:41

Жакынкы бир нече жумада COVID менен ооругандардын саны кескин өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев республикалык штабдын жыйынында билдирди. Жыйын өлкөдөгү электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаалга байланыштуу болгон.
Министр республиканын стационардык медициналык мекемелери электр генераторлору менен жабдылганын, электр энергиясынын кыска мөөнөттө өчүрүлүшү алардын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизбей турганын айтты.