Акыркы кабарлар
» Жанирмем » “Үй алам” деп балдарымды кантип таштап кетем?..
“Үй алам” деп балдарымды кантип таштап кетем?..
06-октябрь, 19:56
2 759 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кудай буюрса, Россияга кеткени калдым. Жолдошум жакында кетти, эки балам бар, аларды эч таштаган эмес элем. Эми жаман оор болуп жатат. Таштап кетеримди эстесем, жүрөгүм жарылып, чыгып кетейин деп ооруп атат. Эстесем эле ыйлап атам. Керектүү акча топтош кыйын экен, кетпей коёюн десем, үйдөн кыйналдык. Күйөөм экөөбүз иштеп, шаардан үй алып алалы деп аракет кылып жатабыз. Эми эмне кылсам? Балдарымды эстесем, кетпей, кайын сиңдим менен болсо да жүрө бергим келет. Бирок, кайра “чыдап иштеп үй алсак, чогуу болобуз деп” да ойлоном. Кайненем жакшы эле карайт, бирок апасындай эч ким карай албаса керек. Эмне кылсам, эжелер, жаман жүрөгүм кысылып атат!..
Жазгүл