Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил Турдукулов: “Революция кылууга лимитибиз түгөндү, бирок...”

Адил Турдукулов: “Революция кылууга лимитибиз түгөндү, бирок...”

07-январь, 17:01
1 498 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Адил мырза, Казакстандагы кырдаал мындан ары кандай өнүгүшү мүмкүн?

-- Азыркы Казакстандагы толкундоолор, Жаңыөзөн2011-жылдагы окуяга такалат. Анткени ошондогу ок атуу, биздин Аксыдагы каргашалуу окуя сыяктуу. Боспиекте кан төгүлгөнү кийинчерээк 2005-жылдагы март революциясына себепкер болсо, ошондой эле Жаңыөзөндө 17 адамдын каза тапканы азыркы Казакстандагы революциялык абалга жеткизди. Анткени бейкүнөө адамдардын өлтүрүүгө жол берген бийлик эч качан кечирилбейт, аягында жазасын алат. Кийинки кырдаалды болжолдош кыйын, бирок бийлик толкундоолорду күч менен басып алса, стабилдүүлүк утурумдук болот. Анткени эл өз күчүнө ишенди, бийликти кетирмейинче күрөштү уланта берет. Назарбаевдин кетирген чоң катасы – бийликти Токаевге толугу менен өткөрүп бербегендиги, коопсуздук кеңешти жетектеп, бийликти көп учурда бейформал түрдө башкарып турду. Бул дагы бийликтин туруксуздугуна шарт түзүп берди. Казакстандагы кооптуу жагдай – оппозициянын жоктугу. Кээ бири Европага качып кетсе, кай бири түрмөдө камалып, унутулуп, калганы жок кылынды. Казак бийлиги оппозиция менен сүйлөшүүнү кааласа да, андай адамдар жокко эсе. Ошондуктан биз да мээбизге түйүп алашыбыз керек: стабилдүү мамлекет үчүн күчтүү, легалдуу оппозиция керек. Дагы бир кооптуу жагдай – бул сепаратизм. Анткени Казакстан чоң мамлекет. Эл Шымкент, Алматы, Актау шаарларын ээлеп алып, азыркы бийлик Астана, Павлодарда ээ болуп калса, бул мамлекеттин бүтүндүгүнө чоң шек жаратат. Ички тирешүүнү тышкы күчтөр да пайдаланып кетпесе болду. Мисалы, 2014-жылы Украинадагы Майдан толкундоолордон кийин Кремль Крымды күч менен алган болчу. Орус улутчул саясатчылары, эксперттери Казактсандын түндүгүнө көз артып жатканы жашыруун эмес. Ошол сыяктуу сценарий коркунуч туудурат жана Кыргызстанга да чоң терс таасирин тийгизет.  

-- Коңшулардын козголоңу Борбор Азия өлкөлөрүнө кайсы бир деңгээлде таасирин тийгизсе керек. Кандай өңүттө?

-- Казактар кыргыздар үчүн эң жакын боордош эл. Ошондуктан биздин бийлик өзү демилгелеп КМШ, ШКУ, ЖККУ, ОБСЕ, БУУ аянтчалардын алкагында Казакстандагы абалды туракташтыруу аракетин жасаш керек. Анткени качкындардын агымы көбөйүп, биринчи кезекте Кыргызстанга келиши мүмкүн. Бул болсо түздөн-түз биздин коопсуздугубузга таасирин тийгизет. Биздин ТИМ ортомчулук ролун сунушташ керек, анткени, биз Казакстандын ички саясатын түшүнөбүз, коңшу мамлекеттин тагдырына кайдыгер эмеспиз, анын бүтүндүгүнө кызыкдарбыз. Мындай аракеттер биздин мамлекетибиздин аброюн дүйнө жүзүндө, Борбор Азия аймагында да күчтөндүрөт. Эгерде казак тараптан чек ара жабылса, анда биздин экономикабызга сокку болот, бирок ошол эле учурда мурун Казакстандан өтчү кытай товарлары Кыргызстандан өтүп, биздин ишкерлерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бирок бул кыска убакыттагы өзгөрүүлөр. Кийин кайра баары өз калыбына келет. 

-- Кыргызстандагы элдин көкөйүнө тийген кайсы көйгөйлөрдү айта алабыз? Бизде да кокусунан толкундоолор болуп кетпейби?

-- Казакстандагы толкундоолордун башкы себеби – бул теңсиздик. Алар кенге бай мамлекет, бирок бийлик жакын адамдарына байлыктын булагын бөлүштүрүп койгон. Бизде болсо эл өзүнө гана ишенет, бийликке карата кол шилтеп койгон. Анан дагы биздин революция кылууга лимитибиз түгөндү. Бирок эгерде бийлик пландагандай “күч менен болсо да 100 миллиард сом салыкты жайнайбыз” деген пландан кайтпаса, эл дагы бир паста толкуп кетет. Бийликтин ар бир тепкичтеги өкүлдөрү эл менен түздөн-түз сүйлөшүп, кандай маселе чыкпасын чогуу чечүүгө тийиш. Президент – азыр эң абройлуу институт. Бул Садыр Жапаровго элдин үмүтү чоң экендигинин белгиси. Башка бийлик органдарга ишеним таптакыр жок калган. Аны калыбына келтирүү – Жапаровдун башкы милдети. Антпесе, Казакстандыкындай башаламандык чыгып кетишине шарт боло берет.

-- Кыргыз-тажик чек арасындагы абал кооптондуруп келет. Тымызын тирешүүгө бараткан кырдаалды кантип жөнгө сала алабыз? Быйылкы жылдагы коркунуч ушул эмеспи?

-- Туура, эң көйгөйлүү деген чек ара маселеси дагы деле чечилбей жатканы чыныгы өзгөрүү болбогондун белгиси катары айтсак болот. Бирок ошол эле учурда коопсуздугубузга көңүл бурулуп, заманбап техника сатып алынып жаткандыгы жакшы жөрөлгө. 

-- Соңку суроом, Казакстанга жаңы жетекчилик келсе, бизге карата таасири кандай таризде өнүгөт?

-- Менин баамымда, демократиялык нукта шайланган адам, ал ким болбосун Садыр Жапаров сыяктуу демократ лидер менен тил табыша алат. Ошондуктан эл каалаган башчы Казакстанга келсе, буга чейин көйгөй жараткан товар өткөрүү, суу маселелери чечилет (!) деген ишеним бар. Тажикстанда деле ошондой. Дегеле коңшу мамлекеттер ачык демократиялык мамлекет куруп баштаса, биз дагы ошол жолдон кайтпаганга өбөлгө түзүп беребиз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер