Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ынтымак” партиясы улам шайлоолорго катышып, миллиондорду кайдан алууда?

“Ынтымак” партиясы улам шайлоолорго катышып, миллиондорду кайдан алууда?

17-июнь, 20:51
761 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн шаардык жана жергиликтүү кеңештердин шайлоолорунда “Ынтымак” партиясы алдыга чыкпаса да бир топ аймактардан мандат алууга жетишкен. Асыресе, каражатты арбын чачышканы менен элдин колдоосуна жогорку деңгээлде татый алышпады. Баса, былтыркы Жогорку Кеңештин аламанында “Мекеним Кыргызстанды” сүрөгөндөр, жардам бергендер да кошулушту, дал ошолордун күчү менен азганакай ийгиликтерди багындырыштыбы? Коомчулук баа берсин! Биздин токтоло турган дагы бир олуттуу жагдайыбыз бар. Маселен, “Ынтымак” партиясы кайрадан шаардык кеңештердин шайлоолоруна аттанып, саясаттын чордонунда ойноп жатышат. Бул саясый топту Марлен Маматалиев жетектеп баратат. Дал ушундай жагдайда суроо туулат: Марлен мырза өмүр бою чиновник болгон Абдырахман Маматалиевдин карачечекей баласы. Айрым чоң партиялар чукул өткөн улам бир шайлоого катыша албай калганда, “Ынтымак” партиясы каяктан эле миллиондорду бурдай чачууда? Ушул жагынан таңгалгандар арбын экен. Ким билет? Келечекте “Мыйзамсыз баюу” боюнча шек саноолор күчөп кетпейби?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер