Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Губернаторлук кызматтын баркын кетирген Алтынбек Эргешов

Губернаторлук кызматтын баркын кетирген Алтынбек Эргешов

02-июнь, 21:34
523 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Соңку убакта депутаттар губернаторлордун пайдасы жок экенин айтышып, акимдерди өкмөт менен түз иштей тургандай кылууну сунушташууда. Түпкүлүгүндө мындай реформа ишке ашса, мамлекеттик чыгымдар кыскарып, элибизге камкордук көрүлөбү? Негизи жети облустун айрым гана губернаторлору татыктуу милдеттерин аткарууда. Маселен, Канат Жумагазиев, Бакыт Жетигенов. Ал эми көпчүлүгү эмне иш кылып аткандары белгисиз. 

Биз азырынча Нарындагы Алтынбек Эргешовго азыноолак токтололу. Бул эргул убагында Курманбек Бакиевдин жардамчысы катары көтөрүлүп, кийин Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр болгондо колтугуна кирип, карьералык секирик жасап алган. Ошондон бери ээрден түшпөй келет. Элге эмне жакшылык жасаганы белгисиз. Жакында Алтынбек Эргешовдун Нарынга губернатор катары дайындалганына үч жыл толот. Облусту өнүктүрдүбү? Чеке жылыта турган ийгилиги барбы? Көрбөй атабыз. Андыктан, мындай кадрлар ондогон кызматкерлери менен мамлекетке жүгүн артпай, тарап эле кетишпейби? Кыйналган элибиз да жеңилдеп, жашоосу жакшырат беле? Бийлик төбөлдөрү ушул жагына баа беришип, губернаторлук жоюлуп кеткиче Алтынбек Эргешовдун ордуна татыктуу кадрды дайындай турушса...

Баса, кокус жакында Курманбек Бакиев келип калса, ага да жардамчы керек эмеспи. Көнгөн эле Алтынбек Эргешовду “байлап” берип коюшаса кандай? Күлүн додо кылбай кызмат кылганга... 


  "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер