“Кытай ириде Өзбекстан, Казакстан мамлекеттери менен достошконго абдан ынтызар”
-- Кытай менен Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрү саясый-экономикалык, социалдык-гуманитардык катыштарын чыңдашып, ири соода долбоорлору менен иштешүүдө. Мындай алакага Кыргызстан жетише алабы?
Акан Иманов, фермер:
-- Кыргызстанда буга чейинки жылдары “Дордой”, “Кара-Суу” деген ири базарларыбыз коңшулардын үшүн алып турчу. Коңшу өлкөлөргө керектелүүчү товарлардын бир бөлүгү биздин өлкө аркылуу өтчү. Анын дагы бир себеби, биздин ишкерлердин жөндөмдүүлүгү чоң өбөлгө болгон. Мындай акыбалга көз жума албаган коңшулар болгон күчүн Кытай менен алакага буруп, азыр жемишин көрүп баштаган учуру. Биздин деңгээлибиз ишкерлер менен гана чектелип калган. Ошондуктан азыркы көрсөткүчүбуз чеке жылытарлык эмес. 30 жылдан бери айтылып келе жаткан Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун ордунан жылышы бул көрсөткүчтөргө чоң натыйжа бермек. Геосаясый айдыңда дагы утушка жетишмекпиз. Темир жол баардык жагынан өлкөбүзгө пайда алып келмек. Коңшулар Кытайдан кандай пайда көрүп атса, биз андан чоң мүмкүнчүлүктөргө ээбиз. Аныгында инвестицияга жагымдуу шарт, ишкерлерге мүмкүнчүлүк, туристтерге жеңилдетилген виза жагын караштырсак оң болмок. Кээде “кытай каптап кетет” деп элди тескери үгүттөгөн эргулдар да бар. Кандай иш жүрбөсүн, коомчулукту туура маалымат менен камсыздообуз керек.
Чынара Мамажакыпова, блогер:
-- Сөзсүз жетишет. Мисал катары айта кетейин. Кытай – Кыргызстандын эң маанилүү экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. Биз энергетика, транспорт жана чек арадагы электрондук соода тармагындагы байланыштарды бекемдөөгө ниеттенип жатабыз. Азыр Кытай менен жалгыз Кыргызстан эле эмес, коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан мамлекеттери туруктуу экономикалык байланыштарды өнүктүрүп жатышат. Анын ичинде санариптик экономика, жасалма интеллект, акылдуу шаарлар жана жалпы социалдык көйгөйлөрдүн бардыгы камтылган. Жеке Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык алакалар азыркы тапта мурда болуп көрбөгөндөй өнүгүү жолунда кетүүдө. Мунун да себеби бар. Анткени азыр байкап жатканыбыздай, дүйнөдө Кытай мамлекетинин экономикасы алдыга чыгып, туруктуу өнүгүп келе жатат. Бул албетте, чектеш жайгашкан Кыргызстан үчүн да чоң мүмкүнчүлүк. Азыр биздин бийлик Кытай менен экономика, жашыл энергетика жана транспорт тармагында иш алып барып жатканын көрүп атабыз. Анын ичинен эң маанилүүсү эле Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу болуп эсептелет. Бул долбоорго толук кошулуу үчүн президент Садыр Жапаровдун чечими аркылуу өкмөт өз күчү, өз каражаты менен Балыкчы тараптан өлкөнүн түндүгүн туташтыруу максатында Кочкорду көздөй темир жол салып баратат. Албетте, мунун баары келечекте чоң экономикалык секирикке алып келет. Соода-сатыкты күчөтөт. Биздин элдин көп бөлүгү айыл чарба багытында оокат кылгандыктан, импортту да Чыгыш, Европа мамлекеттерине күчөтө алабыз. Президентибиз басым жасап жаткан туризм багытына да кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылат. Жалпылап айтканда, биз сөзсүз саясый да, экономикалык да кызыкчылыктарыбызды таба алабыз.
Качкын Булатов, укук коргоочу:
-- Кытай менен биз таймаша албайбыз. Бирок, мамилени бышыктап, байланышты күчөтүп, ири долбоорлорго катышып, мамлекет үчүн пайдалуу иштер менен алек болуудабыз. Маселен, газ менен жүргөн автобустарды алып, сооданы күчөткөнүбүз деле кичинекей мамлекет үчүн чоң жетишкендик. Буюрса, алака түзүп, албан-албан ийгиликтерге жетишүү зарыл. Аны моюнга алыш керек. Ушул мезгилге чейин көп мектеп, бала бакча, оорукана салынган эмес. Кытайлар менен жакындан иштеше баштагандан бери курулуш да жанданып, айлык акы, пенсия жогорулады. Ушул эле темп менен кете беришибиз керек.
Ибрагим Жунусов, экс-элчи:
-- Кытай ириде Өзбекстан, Казакстан мамлекеттери менен достошконго абдан ынтызар болуп турат. Ошондой эле Өзбекстан менен Казакстан дагы Кытай менен мамилени бекемдегиси келет. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу курулуп баштаса, буюрса Кыргызстан да ушул мамлекеттердин катарынан орун алат. Себеби, бул темир жол Тажикстан аркылуу өтө турган болсо, 1000 чакырымга узарып кетет. Ошон үчүн булар темир жолду Кыргызстан аркылуу өткөрүүгө ынтызар. Анткени, биздин элибиздин саны аз, экономикабыз алсыз болгону менен геосаясатыбыз, тагыраагы, жерибиз темир жол курууга ыңгайлуу болгон үчүн алар биз менен да мамилени бекемдөөгө аракет кылып жатышат.