Журналист Турсунбек Бейшенбековдун камакка алынышы катачылык!
Chyndyk.kg сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбеков 20-январда Аскер прокуратурасы тарабынан 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул боюнча коомчулукта нааразычылык жаралды. Айрым маалымат булактары журналисттин камалышын Курсан Асановдун иши боюнча байланыштырып жатышат.
Суроолор жаралууда: ансыз да коомдук абал олку-солку болуп турганда мындай аша чабуунун кереги бар беле? Эгерде кайсы бир кылмышка шектелип атса, камакка албай деле териштирсе болбойт беле? Журналисттерге мындай “аңчылыктын” күчөп баратканы эмнеден кабар берет? Бийлик бутагына айрым адашкан бузукулар отуруп алышып, кырдаалды козутууга жем таштап аткан жокпу? “Жети өлчөп, бир кес” дегендей, акыл калчап иш кылсак болбойбу?
Ток этери, Турсунбек Бейшенбековдун камалышы катачылык болду. Тезинен үй камагына чыгышы керек. Анын чийедей үч баласы менен аялы жалгыз калды. Гумандуулукту ойлобойлубу?..