Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйнө дүңбөлөңү - 4

Дүйнө дүңбөлөңү - 4

14-апрель, 20:01
598 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россия–АКШ: жаңы геосаясат

Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын Украина боюнча эки айдан берки интенсивдүү пикир алышуулары учурдагы дүйнөлүк геосаясат менен геоэкономиканын глобалдык контекстинде жүрүп жатат. Ачык эле айталы, дүйнө жүзү кайрадан жаңы таасирлердин үстөмдүгүнө баш ийе турган бөлүштүрүүлөргө дуушар болуп бара жаткандай. СССР кыйрагандан бери бекем орун алып алган АКШнын бир уюлдуу гегемондугунун күнү бүтүп, эми көп уюлдуу дүйнө түзүмү башталганы калды. Ири империялардын үстөмдүгү да жанданып кетти. Алар кимдер экендиги баарыбызга белгилүү: АКШ, Еврокошуун (ЕК), Кытай жана Россия. Кийинки кездерде Индиянын да амбициясы күчөп келе жатат. Япония АКШнын кучагынан чыга албай жатса, Германия болсо синтетикалык мүнөздө жаралган Еврокошуундун кээ бир “ашкеби” өлкөлөрүн сүрөмөлөйм деп бүгүн өзү алсырап отурат. Франциянын кандай ойлору бар экенин анын президенти, “Кайра жаралуу” партиясынын мүчөсү Эмманюэль Макрондун оргу-баргы билдирүүлөрүнөн улам деги эле түшүнүп болбойт. Улуу Британия деле ошондой. Анын премьер-министри, “Лейбористтер” партиясынын лидери Кир Стармер дагы ары-бери чабалактап чабылууда.

Трамптык АКШнын ЕК, Дания, Мексика жана Канада менен болгон “тарифтик жана геотабиттик согуштары” көптөн бери “туугандашып” көнүп калган берки төртөөнү алгач нес абалга кептегени менен анан кайра эстерине келишип, алар да катуу чабуулга өтө башташты. Мындай араздашуу кандай жыйынтыкка алып келерин эч ким айта албайт. Ири империялар согушту тээ атамзамандан бери эле кесип кылып келе жатканын карт тарыхтан билебиз. Демек, учурдагы жашап жаткан күнүбүздүн бейпилдиги тилекке каршы чоң суроону жаратып турат. Бир нерсени так кесе айталы, Дональд Трамптын АКШнын лидерлигине кайрадан күргүштөп кирип келиши дүйнөнүн структурасын жаңыдан карап чыгууга жем таштап койду. Ал өзүнүн мындай амбициялык мүнөзүн дароо эле дүйнөгө жарыялады. Азыр дүйнөдө будуң-чаң абал орун алууда. Анткени, акыркы 20 жылда мен деген державалар өз өлкөлөрүн милитаризация жолуна салууга катуу кам көрүп келишти. Алтургай өзүбүздүн орто азиялык республикалар деле согуш куралдарын күргүштөтүп сатып ала башташты го! Анын ичинде биз дагы барбыз. Ар кандай эле мамлекет өздөрүнүн экономикасын классикалык модель менен сыпаттап, б.а., төмөнкү баа жана экспорттук багытта карап келсе, эми болсо ал мыйзам бузулуп, бардыгы бири-бирин алдамай, чөктүрмөй жолго түшүп алышты. Анда Лениндин “Политика – это концентрированное выражение экономики” деген учкул сөзү кантти? Бул чоң суроо. Мындай шарттарда Батыш менен Россиянын ортосунда Украина кризиси боюнча бири-бири менен элдешкис көз караштардын поляризациясы орун алды. 

Президент Дональд Трамп өзүнүн жарандарына “мен Американы мурдагы күчтүү жана көз карандысыз абалына кайра алып келем!” деп тынбай убадаларды берип келди. Эл ишенди жана акыркы шайлоодо катуу колдоду. Эми аны иш жүзүнө ашыруу керек. Бирок, анын алдында бир нече эл аралык чиеленишкен көйгөйлөр туруп калды Алардын эң маанилүүлөрү – бул орус-украин согушу, Жакынкы Чыгыштагы кан төгүүлөр, Сирия кризиси, Панама  жана Суэц каналдарындагы АКШнын бошоңдоп кеткен абалы, Канада менен Мексиканын АКШга жармашып алып азыктанган бир тараптуу экономикалык “табиттери”, АКШнын өзүнүн Гренландияга болгон сугу, Кытайдын финансы-экономикалык экспансиясы менен эзелтен бери орун алган Тайвань маселеси, Түркия менен Ирандын согуш куралдарын өндүрүүдөгү салыштырмалуу ийгиликтери, ж.б. толгон-токой баш оорулар. Мындай кырдаалда Трамп Россия менен жаңы форматта мамиле кылуу жолун тандады. Болгондо да абдан бачым ылдамдык менен. Мени канааттандырган бир жаңылык болду, анткени, Россиянын президенти Путин Трамптын мындай кадамын түшүнүү менен кабыл алды жана ага утурлай өзүнүн мындай дипломатияга даяр экендигин билдирди. Бүгүнкү күндүн реалдуулугуна карай эки лидер узак жана бекем тынчтыкты түзүүгө али эрте экендигин билип турушат. Себеби, реванш алуу деген балакет дагы да болсо күчүндө. Анүстүнө Россия менен Украинанын перманенттик түрдө согушуп, бири-бирин мүмкүн болушунча алсыратып, кыргынга кептелтип турууну каалаган күчтөр арбын, айрыкча Батышта. Мындай кырдаал Трампка жакпайт. Ал өз элинин алдындагы убадаларын аткаруу үчүн жогорудагы жаатташкан “беймазаларды” тынчытып алууну көздөйт. Ошондуктан АКШ тарабынан жаналакетке түшкөн “телефондук”, “кабинеттик”, “челноктук” жана “сепараттык” дипломатиялар колдонула баштады. Кандай болгон күндө да мындай аракеттердин зыяны жок. Тескерисинче, колдо бар ресурстарды пайдаланып, тынчтык келишимин түзүү маселесин чечүү керек. 

АКШ менен Россиянын мындай оң жолго түшүүгө болгон аракеттери ЕКдун кээ бир лидерлерине жакпай жатат. Урсула фон дер Ляйен (ЕК), Эмманюэль Макрон (Франция), Ким Стармер (Англия) өңдүү “ишмерлер” Дональд Трампка катуу таарынышып жана анын президент Владимир Путин менен болгон жылуу мамилесине ыза болушуп, өз алдынча тынбай жолугушууларды уюштура коюшуп, биринен бири өткөн таңкалычтуу жана алогикалык чечимдерди кабыл ала башташты. Айрыкча алардын ачык айткан агрессивдүү билдирүүлөрүнө таңкаласың. Мисалы, Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен мындай пикирин 1-мартта Европарламентте билдирди (орусчадан которгон мен – К.О.): “...согуш Европага кайтып келди. Европа үчүн бул чындык моменти..., картага Украинанын тагдыры коюлуп жатат, бирок биздин өзүбүздүн тагдыр дагы чекте асылып турат... Бүгүн Украина үчүн кеңешибизде жарым миллиардга жакын адамдар мобилизацияланды... ЕК жарык ылдамдыгы менен Россиянын финансылык системасына, анын жогорку технологиялык тармагына жана коррупцияланкан элитасына каршы үч катуу санкция кабыл алды. Бул биздин кеңештин тарыхындагы эң ири санкциялардын пакети болуп саналат, ж.б. сунуштар. Фон дер Ляйен өзүнүн жалындуу сөзүн “биз силер мененбиз. Украинага даңк!” деп бүтүрдү. Франциянын президенти Макрон болсо АКШ менен ЕКдун ортосундагы ымала муздай түшкөнүнөн улам Европага “француздук ядролук зонтик” сунуш кылып жиберди. Ушундай эле пикирди Германиянын ХДС/ХСС блогунан канцлердик кызматка талапкер болуп жаткан Фридрих Мерц да айткан. Баса белгилей турган нерсе, абройлуу “Окумуштуу-атомчулардын бюллетени” аттуу журналда “2023-жылга карата Франциянын 290 ядролук бомбасы бар” деген маалымат жүрөт. Алардын 50сү авиациялык канаттуу ракеталарга жалганган. Дагы ошончосун атайын истребителдер көтөрүп жүрөт. 40 бомба жер бетинен атылат жана 10 бомбаны деңиз кемелеринен атышат... Мындай арсеналы менен Франция төртүнчү орунда турат. Алдыда Россия, АКШ жана Кытай. Эгерде Франция менен Англияны алсак, алардын суммардык ядролук арсеналы Кытайдыкына чамалаш болуп барат. Мындан сырткары, Италиянын, Голландиянын, Бельгиянын, Германиянын жана Түркиянын аймактарында америкалык тактикалык абиабомбалар жайгаштырылган. Иши кылса, ядролук державалардын биргелещкен ядролук арсеналдары жер шарын үч көтөрө асманга сапырып салуулары мүмкүн. Кудай өзү гана сактасын дейсиң! Ушундай “армагедондук катаклизим” турса, президент Макрон эмнеликтен “ядролук булчуңга” басым жасай баштады, түшүнбөйсүң? Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер болсо, НАТОну согушка активдүү тартуу максатында Украинага аскер күчтөрүн киргизүүнү сунуштоодо. Мындай кадамга НАТОнун уставынын 5-беренеси уруксат берет экен. Тообо гана дейсиң! Бул эмне 3-дүйнөлүк согушту көксөгөндүкпү? Баарынан да кескин жана агрессивдүү позицияны ЕКдун “тышкы иштер министри” эстонка Кая Калластын ээлеп калганы таңкалтырат. 

Мен Эстонияда 1981-1988-жылдары илимий иштериме байланыштуу жашадым. Эстон элине ыраазымын. Мени окутуштуу, физика илиминин сыйкырдуу дүйнөсүнө алып киришти. Көзүм ачылды, илимдин кандидаты жана доктору болдум. Ооба, ошол кезде деле эстондордун СССРге, анын ичинен орус элине көз караштары салкын болчу. Бирок, азыркыдай агрессия кантип күчөдү? Албетте, мунун тарыхый себептери арбын. Ушундай эле мамиле Латвия менен Литвада да бар. Каллас айым айтып жатпайбы “Украинанын жеңиши – Европа үчүн приоритет” деп. Калластын пикири боюнча Россиянын жеңилиши ЕК үчүн бар күчүн жумшашы керек. Ал үчүн ар бир Евроөлкө согуштук коргонууга өзүнүн ИДПнын 2%ын бөлүүсү шарт экен! 

Ооба, биздин сүйүктүү Кыргызстан эл аралык саясатта көп “вектордуу форматты” колдонуп келет. Бул, албетте туура. Демек, азыркы дүйнө жүзүн коопсуз абалга жеткирүүнүн эң негизги “оюнчулары” боло алышкан АКШ менен Россиянын жылуу мамилелери өтө маанилүү. Мен айтаар элем, бул тагдыр чечүүчү кырдаал.

Европалыктардын президенттер Путин менен Трамптын жакындашына каршы ачык демарш кылууларынын максаты эмне? Алар чындап эле “жакын арада Россиянын экспансиясы күчөп, Украинадан соң Европаны басып алат” деп кыйсыпыр түшүп коркуп жатышабы? АКШ менен Россиянын лидерлери 2,5 айда эле бир нече жогорку форматтагы жолугушууларды уюштуруп жиберишти. Айрыкча саудиттердин борбору Эр-Рияддагы пикир алышуулар эң алгачкы жана көрүнүктүү кадамдар болду. Президент Трамп ушундай эле форматта, ошол эле шаарда Украинанын өкүлдөрү менен өзүнүн жооптуу адамдарын сүйлөштүрдү. Натыйжада 30 күндүк “дем алуу” сунушун беришти. Мындай капканга оңой эле түшчү Путинби? Ал дароо эле өзүнүн бир нече талаптарын койду. Болгондо да абдан кескин жана катуу! Трамп Путин досунан мындай “кежирликти” күткөн эмес. Ал дагы саясый секириктерди жасай баштады. Бирок, азырынча эки тарап тең дипломатиянын классикалык моделинен чыгыша элек. Анткени, байгеге эбегейсиз зор жана мааниси терең саясый, экономикалык жана финансылык “соорундар” коюлуп турат. Өзүңүз ойлоп көрүңүз, Трамп Украинанын жер-суу ресурстарын, атомдук электр станцияларын (АЭС), кен байлыктары менен энергетикасын, ж.б. “майлуу” нерселерин контролдоп алууну көздөп жатат. Россия болсо буга чейинки басып алган аймактарды, б.а., Крым баш болгон Луганск, Донецк, Запорожье жана Херсон облустарын мыйзамдуу түрдө биротоло ээлеп алышын каалайт. Мындан сырткары, эки өлкөнүн туташ чек араларынын алкагынан өзгөчө статуска ээ болгон “буфердик аймакты” түзүү талабын коюп жатат. Кара деңиз акваториясына болгон ээлик да кызыктырууда. Путиндин акыркы талабы өтө опурталдуу жагдайды түздү. Ал Украинанын президентинин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу анын өлкөсүн сырттан башкаруу ыкмасын сунуштады. Ушундай кырдаалда Украина тынчып калмак беле? Ал ЕК менен өз ара сепараттык макулдашууларга барды. Айрыкча 27-мартта Париждеги ЕКдун саммити өтө опурталдуу чечимди кабыл алып отурат. Эми европалыктар Украинага армиясын жөнөтүүгө белсенип киришкендей болуп калды. Кудай сакта! Эгер окуя ушундай сценарий менен улана турган болсо, Россияга кандай жол калат? Термоядролук куралы жер шарынын жарымынан көбүн көз ачып-жумгуча эле күмжам кылып коё алган орустар коркуп калышмак беле? Саудиянын Эр-Рияд жана Жидда шаарларындагы АКШ–Россия, АКШ–Украина жеке форматындагы сүйлөшүүлөрдүн оор абалга кептелгендиктеринин себеби да ушул. Ал ортодо Франция менен Англия баштаган ЕКдун лидерлери өз алдынча согуштук альянс (НАТОдон тышкары) түзүүгө белсенип киришкендей. Дүйнө кооптуу абалга кептелип отурат! 

Эки туугандаш элдин ортосундагы кыйраткыч согуштун залакасын жөнөкөй эл тартууда. Алардын экономикасы оор жоготууларга учурады. Статистикага кайрыла турган болсок, согушка кеткен чыгымдардын көлөмү төбө чачыңды тик тургузат. Мисалы, Forbes агенттигинин маалыматы боюнча Россиянын акыркы бир жарым жылдык чыгымы 167,3 млрд. доллар болуптур. Анын ичинен техникасы эле 34 млрд. долларлык чыгымга кептелген. Дагы бир маалыматка ылайык, орустар Украина менен болгон согушка бир күнгө 300 млн. доллар каражат сарптайт экен! Украинанын чыгымын президент Владимир Зеленский өзү ырастап отурат. Алар 2024-жылга эле 100 млрд. доллар жумшашыптыр! Бир күндүк чыгашасы 137 млн. доллар! Мына сага, учурдагы согуштун баасы! Ал эми эч кандай баага ыраа көрбөй турган милиондогон адамдардын өлүмдөрүнө ким жооп берет? Согуштун жүзү курусун! Адамзаттын тынч жашоо келечеген камсыздай алган күч барбы?

Азыркы геосаясат мурда болуп көрбөгөндөй ыкчамдык менен жер бетин каптап бара жатат. Анын таасири бизге тийбей койбойт. Биздин Кыргызстан катышкан эл аралык мамилелердин контекстинде кечээги эле бир жогорку деңгээлдеги жолугушууну эске алалы. Ал Ашхабад шаарындагы 28-мартта өткөн “Еврокошуун – Борбордук Азия” форматындагы тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу. ЕКдун атынан биз, жогоруда сөз кылган Кая Каллас айым катышты. Ал дароо эле “Россияга каршы колдонулган санкция Борбор Азиянын экономикасына зыянын тийгизет” деди. “Россиянын компаниялары чектөөлөрдөн аттап өтүү максатында Борбор Азияга кайрылууларына жол бербешибиз керек!” деп отурат. Демек, биз жашаган аймактын геосаясый орду абдан маанилүү. Ошондуктан, апрелдин башында өтө турган эң жогорку деңгээлдеги “ЕК – Борбор Азия” Самарканд саммитинин аброю абдан зор жана маанилүү болгону турат. Бул форумдун чечимдери аймагыбызга, анын ичинен биринчи болуп өзүбүздүн сүйүктүү Кыргызстаныбызга түбөлүк тынчтык жана бакубат жашоо алып келсе экен!


Каныбек Осмоналиев, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, профессор

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер