Акыркы кабарлар
» Саясат » Бишкек мэри менен Чүй губернаторлугуна эксперимент жасаганды токтотолу!
Бишкек мэри менен Чүй губернаторлугуна эксперимент жасаганды токтотолу!
07-апрель, 19:30

Качанкыга чейин? Бишкек шаар мэри менен Чүй облусунун губернаторлугуна ылайыктуу жетекчилер табылбай келет. Улам эле алмашып, элдин нааразычылыгы айтылууда. Кадрларга карата эксперимент жасаганды качан токтотобуз? Эске салсак, мурдагы бийликтердин убагында, тээ Аскар Акаевдин доорунан бери Бишкек шаарынын мэрлигине, Чүй облусунун губернаторлугуна кызматтык тепкичтерден тажрыйба алган, билимдүү, салмактуу инсандар дайындалчу. Азыр эмнеге кедерибизден кетип атабыз? Акыл калчап, татыктууларды тапсак эмнеге болбосун? Ушул жагы ойлондурат да…
"Азия Ньюс" гезити